Казахские песни Узбекские песни

Песня «арман дуйно»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кучагыңа бек кысып,
Балдарым деп сүйчү элең.
Обон созуп, ыр ырдап,
Эл аралап жүрчү элең,
Эл обонуң сүйчү эле.
Атаганат ой,
Арман тамат, ий, дүйнөмө,
Атасынан айрылган
Болбосо дейм дүйнөдө.
Ырларыңда сырларың,
Маңдайыма сыйбадың.
Сыйлай жүрдү сыздадың,
Арман айды ырдадың,
Арман этип ыйладың.
Кайырма:
Өттү өмүрүң сый менен,
Эл уулу элең, эл деген.
Сөзүң калып, өзүң жок,
Жалган дүйнөм шум белең,
Жакшыларды иргеген.

Другие песни исполнителя:

  • Уккун мени кыргыз элим, Киндик каным тамган жерим, ай. Манас өңдүү жигиттериң, Сулуу кыздай келиндериң. Келе жаткан Нооруз менен, Куттуу болсун ырым дедим. Кайырма: Нооруз майрам, ырыс майрам, Бабалардан мурас майрам. Ак калпакчан кыргыз майрам, Нооруз майрам, бул майрам. Нооруз менен жер ойгонот, Жер жүзүндө эл ойгонот, эй. Эл ичинде эр ойгонот, Эр төшүндө ыр ойгонот. Көкүрөктү эзип келген, Кыз төшүндө сыр ойгонот. Кайырма: Нооруз менен жаз башталат, Ак сүйүүгө сөз ташталат, эй. Куттуу болсун махабатың, Аман болсун асыл башың. Кыргыз элим көптөн күткөн, Келе берсин ушул жазым.
  • Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап, Назик желге жазгы жамгыр тыбырап. Махабаттын өлбөс күүсүн терметип, Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат. Кайырма: Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Келбейлиби бак аралап бир басып, Көңүлдөгү айтылбаган сырларды, Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып. Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып. Жымыңдашкан жылдыздардын алдында, Кол кармашып сүйүү ырын, Кол кармашып жаштык ырын, Шаттык ырын ырдашып. Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап, Ай баратат сүйүү ырына ыр улап. Ээнсиреген бак дарактар арасы, Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
  • Бишкегим – борбор калам, Алтын уям – Бишкегим. Сенде окуп, сенде жашап, иштедим, Сенде окуп, сенде жашап. Мезгил учуп жалындаган курактан, Элес болуп калды сенде издерим. Кайырма: Бирге өстүк, бирге ойнодук, Жаштык кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бакыт издеп алыс жакка барбадым, Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым. Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да, Теңдештирбей Бишкегимди тандадым. Кайырма: Чогуу басып бульварында, Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бирге өстүк, бирге ойнодук, Кырчын кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик.