Казахские песни Узбекские песни

Песня «биз бишкектен бакыт издедик»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бишкегим борбор калам,
Алтын уям Бишкегим.
Сенде окуп, сенде жашап, иштедим,
Сенде окуп, сенде жашап.
Мезгил учуп жалындаган курактан,
Элес болуп калды сенде издерим.
Кайырма:
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Жаштык кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Бакыт издеп алыс жакка барбадым,
Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым.
Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да,
Теңдештирбей Бишкегимди тандадым.
Кайырма:
Чогуу басып бульварында,
Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Бирге өстүк, бирге ойнодук,
Кырчын кездин баркын бирок билбедик.
Табышмактуу келечекке,
Бирге кол сунуп,
Биз Бишкектен бакыт издедик.
Балдарындай эркелетип,
Баарын батырган,
Биз Бишкектен бакыт издедик.

Другие песни исполнителя:

  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…
  • Тунжурап бул жашоодон тажаганда, Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби? Көп кыздар айланамда жайнаса да, Баары бир сени күтөм, билесиңби? Арман күчөп… Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да, Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби? Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң? Жалганда бир арманым жалгыз өзүң, Жалгыз өзүң. Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
  • Өпкүм келип үлбүрөк эриндериң, Өмүрүмдүн кусалуу жериндемин. Өзөгүмө от жаккан жан болсо да, Өзгөлөргө бир өзүңдөй, Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим. Кыскым келип боюңду кучагыма, Кыйналуунун жашаймын учагында. Баштагыдай шаңданган өңдөн азып, Батып барам сыр билгизбей, Батып барам сыр билгизбей ыза-муңга. Көз нуруңа кагылып мөлтүрөгөн, Көлөкөңө зар болуп мен түгөнөм. Туткундалып ар мүнөт сагынычка, Туталанат эт жүрөгүм, Туталанат эт жүрөгүм сен түнөгөн. Өзөгүмө от жаккан жан болсо да, Өзгөлөргө бир өзүңдөй, Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим.
  • Бир досум бар кыздарга такыр барбаган, Билим десе күн-түнү окуп талбаган. Ошол досум үйлөнүп тойго чакырды, Капа болот эртелеп жетип барбасам. Кайырма: Оштук досум үйлөнүп тоюна бардым, Ашык болдум балдызынын көрүп чырайын. Ал куркур да сүйлөбөй жанды кыйнады, Эмне кылайын айтчы туугандар же ала качайын. Күрүч-күрүч артына күрмөк суу ичтим, Башы жакшы башталды буюрса иштин. Тоодой көргөн досумдун сулуу балдызы, Тоңуп калган жүрөктү кантип жибиттиң. Кайырма: Оштук кыздар чынында сулуу келишет, Кыйындыкты сабырдуулук менен жеңишет. Бажа болсом досума бажырайган ээй, Куп жарашып баарысы туура келишет.