Казахские песни Узбекские песни

Песня «кусалык»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өпкүм келип үлбүрөк эриндериң,
Өмүрүмдүн кусалуу жериндемин.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим.
Кыскым келип боюңду кучагыма,
Кыйналуунун жашаймын учагында.
Баштагыдай шаңданган өңдөн азып,
Батып барам сыр билгизбей,
Батып барам сыр билгизбей ыза-муңга.
Көз нуруңа кагылып мөлтүрөгөн,
Көлөкөңө зар болуп мен түгөнөм.
Туткундалып ар мүнөт сагынычка,
Туталанат эт жүрөгүм,
Туталанат эт жүрөгүм сен түнөгөн.
Өзөгүмө от жаккан жан болсо да,
Өзгөлөргө бир өзүңдөй,
Башкаларга бир өзүңдөй берилбедим.

Другие песни исполнителя:

  • Жадыраган жазым сен элең, Жандай көрүп сүйөм дечү элең. Жаркыраган айдай периштем, Түбөлүктүү бактым сен элең. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Кара көздүү сулуу кыз элең, Сүйүүм менин калпыс түш белең? Табыштырган жазгы сүйүүбүз, Күздө кетер келгин куш беле? Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Ошол күндөр өттү билинбей, Эрте соолгон жаздын гүлүндөй. Бакыт тилеп сага аргасыз, Жашап келем бирок түңүлбөй. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
  • Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап, Назик желге жазгы жамгыр тыбырап. Махабаттын өлбөс күүсүн терметип, Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат. Кайырма: Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Келбейлиби бак аралап бир басып, Көңүлдөгү айтылбаган сырларды, Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып. Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып. Жымыңдашкан жылдыздардын алдында, Кол кармашып сүйүү ырын, Кол кармашып жаштык ырын, Шаттык ырын ырдашып. Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап, Ай баратат сүйүү ырына ыр улап. Ээнсиреген бак дарактар арасы, Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
  • Айылыңа капыстан барып калдым, Көрөр замат көңүлгө жагып калдың. Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң, Ошол бойдон каректе калып калдың. Кайырма: Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң, Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум. «Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп, Мен да сени жалт карап күлүп койдум. Ошол түнү уктабай ойгоо жаттым, Ооналактап тынымсыз ойго баттым. Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн, Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым. Кайырма: Кыялымда дайыма жанымдасың, Өмүр бою издесем табылбасым. Ортобузда чын эле сүйүү болсо, Кадырыңа жетейин, карындашым.