Казахские песни Узбекские песни

Песня «оштук досума»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир досум бар кыздарга такыр барбаган,
Билим десе күн-түнү окуп талбаган.
Ошол досум үйлөнүп тойго чакырды,
Капа болот эртелеп жетип барбасам.
Кайырма:
Оштук досум үйлөнүп тоюна бардым,
Ашык болдум балдызынын көрүп чырайын.
Ал куркур да сүйлөбөй жанды кыйнады,
Эмне кылайын айтчы туугандар же ала качайын.
Күрүч-күрүч артына күрмөк суу ичтим,
Башы жакшы башталды буюрса иштин.
Тоодой көргөн досумдун сулуу балдызы,
Тоңуп калган жүрөктү кантип жибиттиң.
Кайырма:
Оштук кыздар чынында сулуу келишет,
Кыйындыкты сабырдуулук менен жеңишет.
Бажа болсом досума бажырайган ээй,
Куп жарашып баарысы туура келишет.

Другие песни исполнителя:

  • Жадыраган жазым сен элең, Жандай көрүп сүйөм дечү элең. Жаркыраган айдай периштем, Түбөлүктүү бактым сен элең. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Кара көздүү сулуу кыз элең, Сүйүүм менин калпыс түш белең? Табыштырган жазгы сүйүүбүз, Күздө кетер келгин куш беле? Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Ошол күндөр өттү билинбей, Эрте соолгон жаздын гүлүндөй. Бакыт тилеп сага аргасыз, Жашап келем бирок түңүлбөй. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
  • Биз кайда, кыргыздар, адашып, Адашып баратабыз?Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,Ынтымак ыдырап барат алыс.Кайырма:Бөлүнбө, кыргызым,Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.Тарыхта кыргызым кадырлуу, Тамырлуу, бийик элден.Душманы тизесин ийип келген.Манасы жол баштап кыйын күндө,Курама кол топтоп, жыйып келген.Кайырма:Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,Биримдик, достукту калыптасак.Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,Ак жолдон адашып, жаңылбасак
  • Тунжурап бул жашоодон тажаганда, Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби? Көп кыздар айланамда жайнаса да, Баары бир сени күтөм, билесиңби? Арман күчөп… Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да, Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби? Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң? Жалганда бир арманым жалгыз өзүң, Жалгыз өзүң. Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.