Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келбейлиби бир басып»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жанымдан өтсөң жылмайып, Жалт карайм мен да кылчайып. Ичтеги сырды айта албай, Жүрөсүң, айтчы, кимде айып? Өзүңдү жакшы көрөмүн, Өзгөчө сүйүп жүрөгүм. Өрт болуп өмүр өтсө да, Сүттөн ак сага тилегим. Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң, жаным, кимде айып? Ойлонуу менен таң атат, Ойлорум сени саматат. Жыл өткөн сайын жылт этип, Жаштыгым өтүп баратат. Айттырбай билип сырларым, Ардактап жаштык ырларын. Алагды кылбай көп эле, Аясаң боло, жыргалым.
  • Бишкегим – борбор калам, Алтын уям – Бишкегим. Сенде окуп, сенде жашап, иштедим, Сенде окуп, сенде жашап. Мезгил учуп жалындаган курактан, Элес болуп калды сенде издерим. Кайырма: Бирге өстүк, бирге ойнодук, Жаштык кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бакыт издеп алыс жакка барбадым, Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым. Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да, Теңдештирбей Бишкегимди тандадым. Кайырма: Чогуу басып бульварында, Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бирге өстүк, бирге ойнодук, Кырчын кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик.
  • Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го, Сүйбөйүнчү десем деле. Сүйдүргөн, күйдүргөн, Айтчы сенин эмнең эле? Кыялга, бакытка, Бөлөп салган кара жанды. Ай-ий, жан эркем. Балдай сөзүң, кара көзүң, Бир өзүңдө бар эле. Кайырма: Жүрөгүмдө бир эргүү, Бар экенин билбедиң, жаным. Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү. Ойлондум, толгондум, болжодум, Ойлобоюн десем деле. Ойлонткон, толгонткон, Айтчы сенин эмнең эле? Жүрөктө сырымды, Жашырбастан ачык айтсам. Аи-ий, жан эркем. Жанымда бол, бакытым бол, Маңдайымда эркелеп.
  • Төрөлгөндө үйүбүзду шаң кылган, Мээрим отун жандырган. Бажырайган жүзүңө, бал татыган тилиңе, Болупкетем жан курман, Болом дайым жан курман. Кайырма: Тай, тай, тай, тай, тай бөбөк, Таң чолпондой жан бөбөк. Эртең эле чоңоюп, Эр жигит бол торолуп, Эл батасын ал бөбөк, Иий… Тай, тай, тай бөбөк. Эрмегимсиң эркетайым, кичинем, Эзилемин ичимен. Көздөрүңдү көрсөм деп, Белек алып берсем деп, Шашып барам ишимден. Шашып барам ишимден. Кайырма: Жарымысың күйүп турган жанымдын, Жалынысың канымдын. Тулпары бол жердеги, Шумкары бол көктөгү. Эркин Кыргызстаныңдын, Эркин Кыргызстаныңдын.