Казахские песни Узбекские песни

Песня «бир эргуу»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го,
Сүйбөйүнчү десем деле.
Сүйдүргөн, күйдүргөн,
Айтчы сенин эмнең эле?
Кыялга, бакытка,
Бөлөп салган кара жанды.
Ай-ий, жан эркем.
Балдай сөзүң, кара көзүң,
Бир өзүңдө бар эле.
Кайырма:
Жүрөгүмдө бир эргүү,
Бар экенин билбедиң, жаным.
Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү.
Ойлондум, толгондум, болжодум,
Ойлобоюн десем деле.
Ойлонткон, толгонткон,
Айтчы сенин эмнең эле?
Жүрөктө сырымды,
Жашырбастан ачык айтсам.
Аи-ий, жан эркем.
Жанымда бол, бакытым бол,
Маңдайымда эркелеп.

Другие песни исполнителя:

  • Жанымдан өтсөң жылмайып, Жалт карайм мен да кылчайып. Ичтеги сырды айта албай, Жүрөсүң, айтчы, кимде айып? Өзүңдү жакшы көрөмүн, Өзгөчө сүйүп жүрөгүм. Өрт болуп өмүр өтсө да, Сүттөн ак сага тилегим. Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң, жаным, кимде айып? Ойлонуу менен таң атат, Ойлорум сени саматат. Жыл өткөн сайын жылт этип, Жаштыгым өтүп баратат. Айттырбай билип сырларым, Ардактап жаштык ырларын. Алагды кылбай көп эле, Аясаң боло, жыргалым.
  • Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап, Назик желге жазгы жамгыр тыбырап. Махабаттын өлбөс күүсүн терметип, Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат. Кайырма: Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Келбейлиби бак аралап бир басып, Көңүлдөгү айтылбаган сырларды, Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып. Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып. Жымыңдашкан жылдыздардын алдында, Кол кармашып сүйүү ырын, Кол кармашып жаштык ырын, Шаттык ырын ырдашып. Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап, Ай баратат сүйүү ырына ыр улап. Ээнсиреген бак дарактар арасы, Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.