Казахские песни Узбекские песни

Песня «бар болгула досторум»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Айылыңа капыстан барып калдым, Көрөр замат көңүлгө жагып калдың. Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң, Ошол бойдон каректе калып калдың. Кайырма: Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң, Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум. «Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп, Мен да сени жалт карап күлүп койдум. Ошол түнү уктабай ойгоо жаттым, Ооналактап тынымсыз ойго баттым. Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн, Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым. Кайырма: Кыялымда дайыма жанымдасың, Өмүр бою издесем табылбасым. Ортобузда чын эле сүйүү болсо, Кадырыңа жетейин, карындашым.
  • Кыргызымда бата бар, Бата берген аталар. Бата алган эр жигит, Элин коргоп жоо сайса, Шер жигит деп даңк алар. Элин коргоп жоо сайган, Манас алган ак бата. Кыргызымдан бата алган, Чыңгыз чыкты даңктана. Наристе үнү жаңырып, Адам келсе арага, Жакшы тилек, жакшы үмүт, Ага арналган ак бата, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата. Жамгырдан жер көгөргөндөй, Батадан эл көгөрдү. Бата алган кыз-келин, Көшөгөсү көгөрүп, Эр азамат төрөлдү. Элим-журтум, уккула, Кыргызымда той мына. Улак тартмай, ат чапмай, Эр жигиттер чыккыла. Кошой атам кел мага, Колдоо батаң бер мага. Бакай атам кел мага, Небереге той бердик, Ак батаңды бер мага. Элге карап кол жаят, Той өткөргөн чоң ата. Эмгек кылсам элиме, Мээнет кылып жериме. Элим берсе ак бата, Эмгектенсең эр жигит, шер жигит, Дем кошулар демиңе. Эл-жер үчүн жан берген, Чолпонбайга, Дүйшөнкулга ак бата. Айланайын ак бата, Кыргызымдын батасы, Чыңгызымдын атагы, Манас атам, кел мага, Күч-кубатты бер мага. Бакай атам, кел мага, Ак сакалың жайкалтып, Ак батаңды бер мага, Бата, бата, ак бата, Элим берер ак бата Ак бата.
  • Айылдын ары жагынан, Алмалуу колхоз багынан. Жумуштан иштеп тең кайтып, Келаткан күндү сагынам. Көрүшкөн жандай жаңыдан, Кете албай алыс жаныңдан. Кылчактап улам кайрылып, Кыйылган күндү сагынам. Жаштыктын ошол чагынан, Тең татып өмүр багынан. Колума кызыл гүл алып, Коштошкон күндү сагынам. Сагынам, сени сагынам, Алыссың кантем жаныман. Сүйгөнүн эстеп сагынуу, Эң кыйын экен баарынан.