Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энсоо»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө,
Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө.
Жаңырыгы жеткен беле арманымдын,
Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө?
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө.
Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга,
Алым жетпей мен өзүңдү унутарга.
Издеп сени таппай келем, түн бир оокум,
Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай.
Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды,
Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды.
Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң,
Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды.
А мен сени эмнегедир жакшы көрөм,
Окшоштуруп унутулгус элестерге.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го, Сүйбөйүнчү десем деле. Сүйдүргөн, күйдүргөн, Айтчы сенин эмнең эле? Кыялга, бакытка, Бөлөп салган кара жанды. Ай-ий, жан эркем. Балдай сөзүң, кара көзүң, Бир өзүңдө бар эле. Кайырма: Жүрөгүмдө бир эргүү, Бар экенин билбедиң, жаным. Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү. Ойлондум, толгондум, болжодум, Ойлобоюн десем деле. Ойлонткон, толгонткон, Айтчы сенин эмнең эле? Жүрөктө сырымды, Жашырбастан ачык айтсам. Аи-ий, жан эркем. Жанымда бол, бакытым бол, Маңдайымда эркелеп.
  • Жанымдан өтсөң жылмайып, Жалт карайм мен да кылчайып. Ичтеги сырды айта албай, Жүрөсүң, айтчы, кимде айып? Өзүңдү жакшы көрөмүн, Өзгөчө сүйүп жүрөгүм. Өрт болуп өмүр өтсө да, Сүттөн ак сага тилегим. Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң, жаным, кимде айып? Ойлонуу менен таң атат, Ойлорум сени саматат. Жыл өткөн сайын жылт этип, Жаштыгым өтүп баратат. Айттырбай билип сырларым, Ардактап жаштык ырларын. Алагды кылбай көп эле, Аясаң боло, жыргалым.
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…