Казахские песни Узбекские песни

Песня «кызганыч»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн,
Көңүлү бузук кишиге.
Карааның болуп кичине,
Каректин батсаң ичине,
Каратпайт элем өзүңдү,
Карашы бузук кишиге.
Карасаң башка кишиге,
Кан толо түшөт ичиме.
Эриксе жүрөк булкунуп,
Ээ боло албайм күчүмө.
Жанаша калсаң кичине,
Жалдырап карайм жүзүңө,
Балакет кылбасаң экен,
Башканын кирип түшүнө.
Бийлетип ой-санаамды,
Биликтей күйүп-жанамбы?
Элестеп жүрүп өзүңдү,
Эс жинди болуп каламбы?
Кыйсыпыр кылдың санаамды,
Кыргыздан сендей табамбы?
Сыртыңдан жүрүп кызганып,
Сыркоолуу болуп каламбы?
Көлөмүң болуп кичине,
Көзүмдүн батсаң ичине.
Көргөзбөй алып жүрмөкмүн.
Көңүлү бузук кишиге.
Айтканга күйүп айла жок,
Ашыктык оту кайда жок.
Мени сүй, эгер ишенсең,
Мен сүйгөн менен пайда жок.

Другие песни исполнителя:

  • Бишкегим – борбор калам, Алтын уям – Бишкегим. Сенде окуп, сенде жашап, иштедим, Сенде окуп, сенде жашап. Мезгил учуп жалындаган курактан, Элес болуп калды сенде издерим. Кайырма: Бирге өстүк, бирге ойнодук, Жаштык кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бакыт издеп алыс жакка барбадым, Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым. Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да, Теңдештирбей Бишкегимди тандадым. Кайырма: Чогуу басып бульварында, Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бирге өстүк, бирге ойнодук, Кырчын кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик.
  • Биз кайда, кыргыздар, адашып, Адашып баратабыз?Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,Ынтымак ыдырап барат алыс.Кайырма:Бөлүнбө, кыргызым,Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.Тарыхта кыргызым кадырлуу, Тамырлуу, бийик элден.Душманы тизесин ийип келген.Манасы жол баштап кыйын күндө,Курама кол топтоп, жыйып келген.Кайырма:Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,Биримдик, достукту калыптасак.Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,Ак жолдон адашып, жаңылбасак
  • Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Үзүлбөгөн үмүт менде, Менден өткөн күйүт сенде. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…