Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кең дүйнө»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө.
Бирөө тартса муң-кайгы,
Бирөө көрдү жыргалды.
Жаратканым бар болсо,
Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү,
Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы.
Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө,
Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө.
Бакыт конгон адамга,
Ушул дүйнө шаң дүйнө.
Сүйгөнүнө жетпегенге
Чиркин дүйнө, зар дүйнө.
Күйүп-күйүп, күл болом,
Ичи тарды көргөндө.
Көрсөм күйүп күл болом,
Жакшы адамды бир арам,
Жер алдына, жер алдына көмгөндө.
Тирүүлүктө адамдар, адамдар,
Алгаласын кадамдар, кадамдар.
Арабыздан жок болсун,
Ичи бузук арамдар.
Ач көз, акмак, ач көз, акмак,
Ач көз, акмак, сараңдар.
Бакыт болсо, көппөйлү,
Кайгы болсо, чөкпөйлү.
Кагылайын адамзат,
Өмүр өтүп баратат,
Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.

Другие песни исполнителя:

  • Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө, Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө. Жаңырыгы жеткен беле арманымдын, Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө? А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө. Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга, Алым жетпей мен өзүңдү унутарга. Издеп сени таппай келем, түн бир оокум, Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай. Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды, Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды. Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң, Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Окшоштуруп унутулгус элестерге.
  • Көздөрүңдөн кагылайын, Балбылдаган, жайнаган, Кош деп мага кол сунбачы, садагам. Кош дегенде кол бере албай, Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып, Айтчы, жаным, бир сен үчүн эмне болуп баратам? Кайырма: Жашоо, өмүр, сүйүү деген, Татаал нерсе турбайбы, Жаштыгымда билбептирмин мындайды. Жаралган соң бул дүйнөгө, Бир жолу, ай, бир жолу, Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы. Көп оролдум, көп сыладым, Сенин кундуз чачыңды. Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды. Ойлогон ой ишке ашпай, Турмуш кыстап, жеңгенде, Арга жок, айла жок, кошула албайм, Төккөн менен көздөн аккан жашымды.
  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен, Кыдырып дүйнө жүзүндө. Көздөрүң сонун, капкара, Көргөндө толкуйм апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара. Пейилиң сонун ак пейил, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Биз кайда, кыргыздар, адашып, Адашып баратабыз?Түйшүктү өзүбүз жаратабыз.Бөлүнүп түштүккө, түндүгүнө,Ынтымак ыдырап барат алыс.Кайырма:Бөлүнбө, кыргызым,Бөлүнбө, бөлүнбөгүн!Бөлөккө ыркы жок улуттай көрүнбөгүн.Элим менин, бөлүнбөгүн, бөлүнбөгүн.Тарыхта кыргызым кадырлуу, Тамырлуу, бийик элден.Душманы тизесин ийип келген.Манасы жол баштап кыйын күндө,Курама кол топтоп, жыйып келген.Кайырма:Биригип биз бүгүн ырыскы, бакыттан кайык жасап,Биримдик, достукту калыптасак.Алданбай эл-журтту бөлгөндөргө,Ак жолдон адашып, жаңылбасак