Казахские песни Узбекские песни

Песня «егерде болсо чын суйуу»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.
Жигиттин баары мырза эмес,
Жигитке кыйын сызда деш.
Кыскадыр боюм сен үчүн,
Сүйүүм, ай, менин кыска эмес.
Тагдырга болбой көңүл кош,
Сөз айтсам, жигит, кулак тос.
Зыңкыйып боюң, кербезден,
Жактырба, ай, мейли, жолуң бош.
Теректей бойлуу бир өзүң,
Термеле басып жүрөсүң.
Теңирим берген боюма,
Тең болчу да сенин мүнөзүң.

Другие песни исполнителя:

  • Бийдин башы биймерген бий деп келгенбиз, Жалгыз кылбай жашоону миңдеп келгенбиз. Жакшы менен жаманды иргеп келгенбиз, Желек кылып кайышты ийлеп келгенбиз, Жер замандан бери эле бийлеп келгенбиз. Кайырма: Кел, келгиле бийлейли, Кел-келибиз бир келди. Келечек доор бир болсун, Кең дүнүйө пир болсун. Бириктирген кыргызды Биздин бий болсун. Эзелкинин шаңы бар элдин бийинде, Эй, кыз-жигит, канакей эргип күлүңдө. Күлүк деген күнүндө, күлкү үнүндө, Сезим селдеп бий болсун сенин үйүңдө. Тулпар деген тушунда кызык ушунда. Кайырма: Кел, баарыңар, кел, бийге, келген эл бирге,Түндү күнгө айлантып түшсүн жер бийге.Канаты бар элденбиз, кана, кел, бийле, Кудай берген бактыбыз кууса кетпесин,Теңир берген бактыбыз тепсе кетпесин! Кайырма: Ала-Тообуз пир болсун! Атпай кыргыз бий болсун Кол кармашкан элдерди Кошуп турган бий болсун. Кыргыз үнүн ааламга созгон бий болсун! Аккуладай закымдап озгон бий болсун!
  • Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман, Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан. Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган, Кандай жансың көз отумду байкабай калган? Кайырма: Сырга айланган, ырга айланган, Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан? Акылдан алдың, азапка салдың. Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан, Акылдан алдың, азапка салдың. Сага деген армандарым айтылбай калды, Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды. Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит, Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.
  • Бул турмушта кайгырсам да чөкпөдүм, Ийгиликке жеткенде да көппөдүм. Жабыркадым, азап тарттым сүйүүдөн, Ошондо да көз жашымды төкпөдүм. Кээ бирөөлөр менде өчү барчылап, Майда сүйлөп жан дүйнөмдү жанчылап. Көрө албастар тузак жайып жолума, Чыйралтышты, кайра мени камчылап. Кайырма: Суук сөзгө көңүлүмдү оорутпа, Жаман көзгө карегимди соолутпа. Оо, Жараткан, өзүң берген энчиң бул, Өнөр жолдо жан дүйнөмдү толукта. Ушак сөздөр сөөгүмө жеткенде, Ыза болуп, жаш экенмин, ыйлагам. Кыйын кезде достор чанып кеткенде, Ошондо да жамандыкка кыйбагам. Тагдыр экен, сыноо салды башыма, Жаш экенмин, баарын чыдап көтөрдүм. Дагы канча сыноо барын ким билет? Бышып калдым кыйналбастан өтөмүн.
  • Алыстан сапар тартып, Айдың кеч кербен келет. Тааныштай ээрчип аны, Көк менен булут сүзөт. Шыңгыры коңгуроонун, Угулат кулагыма. Алаксыйт көңүл кушум, Ашыктык ырларына. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды. Жымыңдап жылдыз көктө, Жылгада жатсаң көрөт. Апаппак булут менен, Кошулуп кетким келет. Кыйырсыз чексиз аалам, Бар болуп калганын көр, Ырчыга ошол дүйнө, Тар болуп калганын көр. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды. Кабарлап койсоң кана, Үнүңдү угар болсом, Үмүткө жетелене, Сагынып күткөн болсоң. Ак булут айтып барар, Ак сүйүүм, махабатым. Кербендер айтып барар, Кусалуу жүрөк дартын. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды.