Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апа сиз болгондо»
исполнителя Зарлык Камбаралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
Башка эч нерсе сурабайт элем

Кичинекейим менин, кенжетай, эрке балам
Чоңойсо иштеп анан, ушунум мени багат
Дечү элеңиз апаке, ал сөздөрүңүз эстеп
Эч ким жок жерге барып, буулугуп ыйлап алам

Апа, сиз ойлонбоңуз, балаңыз жакшы шүгүр
Курсагым ток апаке, кийимим баары бүтүн
Көздөгуү жашым көрүп, кабатыр албаңызчы
Ал сизди сагынганым, кусаланганым үчүн

Сиздей болуп эч ким батырбайт
Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
Сиздей болуп башымдан сылап
Көзүмдөн жашым арчыбайт апа

«Ало, кандайсыз апа?», деп сүйлөшсө досторум
Көздөн жаш тегеренип, тумандап калат оюм
Атама чалам бирок, атанын орду бөлөк
Байкушум сиздей эле, жакшы көрөт, мээрим төгөт

Сагындым апакебай, жасаган тамагыңды
Жеп алып калчу элем, жаланып бармагымды
Баратам десем апа, тосчу элеңиз уктабай
Даярдап ыссык чайын, май-сүтүн, каймагыңды

Другие песни исполнителя:

  • Ооруу болдуң күч алган Ашып кетти үч айдан Ашыктыгым уктатпай Болуп жүрөм бушайман Кайырма Жагасың да жагасың Уялынкы карашың Жандап бассам жарашып Өзүң мага парасың Кой дегенге жүрөгүм Көнбөй атса нетейин Ачык айтып жашырбай Ары-же бери чечейин Жөн дегенде жүрөгүм Жөнбөй атса нетейин
  • Жүрөккө батпай бүгүн,ашты сырларым Аралап жүрүп махабаттын гүлзарын Кызыл гүл көрдүм,дале турат оюмда Кете албай жүрөм,айланчыктап уй жагын Кайырма Кызыл гүлүм,кызыл гүлүм Бураласың ыргалып Үзбөсүн деп башкалар Сени турам кызганып Чагылса дагы көзүм албайм көзүңдөн Тартынып турам,тил катса да,сөзүңдөн Түркүн гүлдөрдүн арасынан жолуккан Өзүңдөн башка кереги жок өзүңдөн
  • Эркетайым,бүркөсөң кабак каштарың Эркетайым,аңсайын сүйүп баштадым Көңүлүм сен тарапка Бурулбай калган демек Сүйлөбөй ошон үчүн Таарынып калсаң керек Жарашпайт көп деле Жарашпайт сага таарынган, Өзүңө жарашат Мени күтүп,сагынган Эркетайым,кучагым сага ачайын Эркелетип,таарынычынды жазайын
  • Мен дагы эле баягымын Жүрөм алсыз ойлор башкарып Билип турам жүдөп бүттүм Жалгыздыктан калдым чарчанып Унутам деп мен өзүңдү Кыйнап көрдүм нечен жолу Айыкпай калгандаймын Махабаттан кесел болуп Неге мен сүйдүм экен Сүйдүм экен сени анчалык Өчүргөнгө жалындарды Билбейм канча алым калды Жүрөгүм сагындырат Кайыштырып кабыргамды Бүт баарын алып бүттүң Жалгыз гана жаным калды Кайырма Өчүргөнгө жалындарды Билбейм канча шайым калды Кыйнабай жүрөгүмдү Кетериңден дайын барбы Бүт баарын алып бүттүң Жалгыз гана жаным калды Күндүз менин оюмдасың Түндө жатып сени түш көрөм Жүрөгүмдү эзгилеген Азап болдуң такыр бүтпөгөн Колду шилтеп бул өмүрдөн Кетким келет кайып болуп Муштагым келет башым Сүйгөн үчүн айып коюп Амалым калбай анан Түн жамынам,эки бүктөлөм
  • Кантер элен?,бир күн айга айлансам Жылдыз болуп жансам керек жаныңда Кантер элен?,калсам түнгө айланып Күтөр элем таң агарган жагында Кайырма Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп Сага гана канат болуп бүтмөкмүн Кантер элен?,кабарымды жоготсом Түбөлүккө күтмөкмүн Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм Бакытымды издебегем озгодон Сенсиң менин,аруу таным,асманым Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын