Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
Башка эч нерсе сурабайт элем
Кичинекейим менин, кенжетай, эрке балам
Чоңойсо иштеп анан, ушунум мени багат
Дечү элеңиз апаке, ал сөздөрүңүз эстеп
Эч ким жок жерге барып, буулугуп ыйлап алам
Апа, сиз ойлонбоңуз, балаңыз жакшы шүгүр
Курсагым ток апаке, кийимим баары бүтүн
Көздөгуү жашым көрүп, кабатыр албаңызчы
Ал сизди сагынганым, кусаланганым үчүн
Сиздей болуп эч ким батырбайт
Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
Сиздей болуп башымдан сылап
Көзүмдөн жашым арчыбайт апа
«Ало, кандайсыз апа?», деп сүйлөшсө досторум
Көздөн жаш тегеренип, тумандап калат оюм
Атама чалам бирок, атанын орду бөлөк
Байкушум сиздей эле, жакшы көрөт, мээрим төгөт
Сагындым апакебай, жасаган тамагыңды
Жеп алып калчу элем, жаланып бармагымды
Баратам десем апа, тосчу элеңиз уктабай
Даярдап ыссык чайын, май-сүтүн, каймагыңды