Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карагым»
исполнителя Зарлык Камбаралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бейкапар жүргөнүмдү байкап карагым

Жүрөгүмө чок салдың кошуп азабың

Назик көңүлдү буруп алган соң

Ашык кылып,кыйноонун бердиң сазайын

Кайырма

Кабагың сүрдөткөн

Алды жүрөктөн

Таркайт кумарым сенин

Маңдайыңдан бир өпсөм

Көздөрүңө кадаламың сенин берметтей

Жолой калсам жакыныраак калат дем жетпей

Багынтып сени,мендик болгончо

Көзүм менен коргоп жүрөм сени желдеттей

Другие песни исполнителя:

  • Сүткө күйгөн үйлөйт айранды Деген сөздө анык жан барбы Мурда бакыт көтөрүп жүрсөм Азыр жүрөм сүйрөп арманды Суранганым менин тагдырдан Сүйүү бербе көңүл калтырган Мен сүйүүдөн өмүрү кыска Жүрөгүмдүн үшүн алдыргам Кайырма Корком,корком Сүйүп туруп айрылышкандан Экинчи ирет жаңылышкандан Жүрөктү эзген сагынычтардан Корком Жолуктурса дагы кандайга Түшкүм келбейт ушул жагдайга Кайсыл күнү,билбейм,ким менен Жазылганын көрөм маңдайга
  • Абадайсын Көрүнбөстөн көзгө Бүт дүйнөмдү аралайсың Жаралайсын, Уюп алып журөгүмдөн неге тарабайсың Көйкөлө басканыңа Көкөлөп басканыңа суктанамын Көрк берип асманыма Жылдызың чачканыңа суктанамын Сен болуп жазган ырым сен болуп дастаным Сүйбөгөн жүрөгүмдү сен сүйдүрүп таштадың Байкабай татып алып,сүйүүгө мас жаным Айыкпас илдет сымал, оюмду каптадың Дабасын сенден бөлөк эч кимден таппадым Дүрбөлөн салып жанга,ачыгын айтчы эмнени баштадың Деңиздейсиң Өз нугуңда кайда агарыңды билгизбейсиң Кезикпейсиң Жүрөгүңдү каккыласам үнүм эшитпейсиң
  • Кантер элен?,бир күн айга айлансам Жылдыз болуп жансам керек жаныңда Кантер элен?,калсам түнгө айланып Күтөр элем таң агарган жагында Кайырма Кантер элен?,учуп кетсем куш болуп Сага гана канат болуп бүтмөкмүн Кантер элен?,кабарымды жоготсом Түбөлүккө күтмөкмүн Сен бар үчүн жашап жүргөн оңдоном Сен бар үчүн ойго батып көрбөгөм Сен бар үчүн толуп турса жүрөгүм Бакытымды издебегем озгодон Сенсиң менин,аруу таным,асманым Сенсиң менин жүрөгүмө жакканым Экөөбүздөй дайым бирге жүрсүн деп Жүрөгүмө — жүрөгүңдү тапканмын
  • Ичи толо букеттин Ашыктыкка,сезимге Сырты болсо сүйүү менен оролуу Жон тура албай дирилдеп Оюм сурайт миң ирет Келеби же балким келбей коёбу? Кайырма Жүрөгүмдүн аманатын Жүрө бербей ичке катып Жеткирейин жолугууга кел гүлүм Жакшы көрүү рестораны Оруну жок экен дагы Сени сүйүү кафесинен күтөмүн Канчаларга караңгы,канчаларга жарыксың. Канчаларга жакынсың да алыссың. Башкаларын билбедим Жылуу сүйлөп ийменип Жүрөгүмдү багындырып алыпсың
  • Сен менен күлүп тосчу таңды, Катылган башкача сыр барбы? Сен барсын,сен бар үчүн жаным, Мен бармын… Сен менен бакытымды сезем, Сен менен бактылуумун демек, Сен барсын,сенин барын жаным, Дем берет… Сен барсын бактылуумун жаным… Сен менен… От-күлүп карашың, Жүрокко жагасын. Сен эч кимде жоксуң, Сен менде ганасың, Сен болдун жүрөгүмдүн ээси, Керексиң сен мага керексиң. Ууртумдан жылмайган күлкүмө, Себепсиң… Мен дагы өзүңдү тандадым, Арнадым өзүмдү арнадым. Алдыда кандай сыноо болсун, Даярмын… Сен менен баарын кечирүүгө даярмын….