Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эмнени баштадын»
исполнителя Зарлык Камбаралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Абадайсын
Көрүнбөстөн көзгө
Бүт дүйнөмдү аралайсың
Жаралайсын,
Уюп алып журөгүмдөн неге тарабайсың

Көйкөлө басканыңа
Көкөлөп басканыңа суктанамын
Көрк берип асманыма
Жылдызың чачканыңа суктанамын

Сен болуп жазган ырым сен болуп дастаным
Сүйбөгөн жүрөгүмдү сен сүйдүрүп таштадың
Байкабай татып алып,сүйүүгө мас жаным
Айыкпас илдет сымал, оюмду каптадың
Дабасын сенден бөлөк эч кимден таппадым
Дүрбөлөн салып жанга,ачыгын айтчы эмнени баштадың

Деңиздейсиң
Өз нугуңда кайда агарыңды билгизбейсиң
Кезикпейсиң
Жүрөгүңдү каккыласам үнүм эшитпейсиң

Другие песни исполнителя:

  • Сен мен үчүн арал болдуң эч ким барбаган, Мен сүйүүдөн кеме жасап сага камданам. Сезимдерди жүктөп алам,бакытым менен Жүрөк болсо капитаным баарын башкарган Кайырма Нурун чачкан кулпуруп Апапакай туптунук Жүзүңдөгү уячаңа Ичким келет бал куюп Ойлобосо тура албаган сезим бул кандай? Жамалыңда сулуулук бар сенин тюльпандай Жакшы көрүп айта албай жүрө бергенден Атылабы деп коркомун сүйүүм вулкандай
  • Көзүм түштү чагылгандай,арасына сан миң адамдын Бир сулууга токтоп калдым,чу дегенде «Сүйүү»жаралдың Жарып кетчү жүрөгүмдү,дал өзүңө окшош жанардың Сезимдерим учкун болду Махабатка туткун болдум Сүйүү үчүн айла табармын Кайырма Сөзүң,сөзүң,сөзүң нават экен Дагы,дагы кимге жагат экен Көзүң,Көзүң байлап алат экен Сүйбөсө экен башкасы менден Мен өзүңдү элестетем перисиндей ушул ааламдын Жарашыктуу өң-келбетин,чырайына сүйкүм жамалың Түйшөлөмүн,табышмаксың, кимге бакыт болуп жаралдың Бир жагынан жагынышка Бир жагынан сагынычка Кызганычка эми таландым
  • Жүрөккө батпай бүгүн,ашты сырларым Аралап жүрүп махабаттын гүлзарын Кызыл гүл көрдүм,дале турат оюмда Кете албай жүрөм,айланчыктап уй жагын Кайырма Кызыл гүлүм,кызыл гүлүм Бураласың ыргалып Үзбөсүн деп башкалар Сени турам кызганып Чагылса дагы көзүм албайм көзүңдөн Тартынып турам,тил катса да,сөзүңдөн Түркүн гүлдөрдүн арасынан жолуккан Өзүңдөн башка кереги жок өзүңдөн
  • Ичи толо букеттин Ашыктыкка,сезимге Сырты болсо сүйүү менен оролуу Жон тура албай дирилдеп Оюм сурайт миң ирет Келеби же балким келбей коёбу? Кайырма Жүрөгүмдүн аманатын Жүрө бербей ичке катып Жеткирейин жолугууга кел гүлүм Жакшы көрүү рестораны Оруну жок экен дагы Сени сүйүү кафесинен күтөмүн Канчаларга караңгы,канчаларга жарыксың. Канчаларга жакынсың да алыссың. Башкаларын билбедим Жылуу сүйлөп ийменип Жүрөгүмдү багындырып алыпсың
  • Апа сиз болгондо ыйлабайт элем Апа сиз болгондо кыйналбайт элем Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм Башка эч нерсе сурабайт элем Кичинекейим менин, кенжетай, эрке балам Чоңойсо иштеп анан, ушунум мени багат Дечү элеңиз апаке, ал сөздөрүңүз эстеп Эч ким жок жерге барып, буулугуп ыйлап алам Апа, сиз ойлонбоңуз, балаңыз жакшы шүгүр Курсагым ток апаке, кийимим баары бүтүн Көздөгуү жашым көрүп, кабатыр албаңызчы Ал сизди сагынганым, кусаланганым үчүн Сиздей болуп эч ким батырбайт Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа Сиздей болуп башымдан сылап Көзүмдөн жашым арчыбайт апа «Ало, кандайсыз апа?», деп сүйлөшсө досторум Көздөн жаш тегеренип, тумандап калат оюм Атама чалам бирок, атанын орду бөлөк Байкушум сиздей эле, жакшы көрөт, мээрим төгөт Сагындым апакебай, жасаган тамагыңды Жеп алып калчу элем, жаланып бармагымды Баратам десем апа, тосчу элеңиз уктабай Даярдап ыссык чайын, май-сүтүн, каймагыңды