Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нават экен»
исполнителя Зарлык Камбаралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көзүм түштү чагылгандай,арасына сан миң адамдын

Бир сулууга токтоп калдым,чу дегенде «Сүйүү»жаралдың

Жарып кетчү жүрөгүмдү,дал өзүңө окшош жанардың

Сезимдерим учкун болду

Махабатка туткун болдум

Сүйүү үчүн айла табармын

Кайырма

Сөзүң,сөзүң,сөзүң нават экен

Дагы,дагы кимге жагат экен

Көзүң,Көзүң байлап алат экен

Сүйбөсө экен башкасы менден

Мен өзүңдү элестетем перисиндей ушул ааламдын

Жарашыктуу өң-келбетин,чырайына сүйкүм жамалың

Түйшөлөмүн,табышмаксың, кимге бакыт болуп жаралдың

Бир жагынан жагынышка

Бир жагынан сагынычка

Кызганычка эми таландым

Другие песни исполнителя:

  • Кайдагы бир сөздөр азгырып, Көңүлдөрдү койду мас кылып. Өзүмдү өзүм тааныбай турам, Турмуш өзү эле жолун көрсөтүп. Экөөбүздү койду кас кылып. Кайырма: Ажырасак сага да мага Түгөй болор бир жан табылаар Ойлоп көрсөм ошол адамга Биздей жандын эмне кереги,кереги? Жүрөгүңдө эски тагы бар. Үйүбүзгө бакыт кондуруп, Жылыта албай аны тоңдуруп. Сабырыбыз такыр түгөнүп, Тепселеп аны көңүл бөлбөдүк. Жакшы күндөр турса кол сунуп.
  • Сүткө күйгөн үйлөйт айранды Деген сөздө анык жан барбы Мурда бакыт көтөрүп жүрсөм Азыр жүрөм сүйрөп арманды Суранганым менин тагдырдан Сүйүү бербе көңүл калтырган Мен сүйүүдөн өмүрү кыска Жүрөгүмдүн үшүн алдыргам Кайырма Корком,корком Сүйүп туруп айрылышкандан Экинчи ирет жаңылышкандан Жүрөктү эзген сагынычтардан Корком Жолуктурса дагы кандайга Түшкүм келбейт ушул жагдайга Кайсыл күнү,билбейм,ким менен Жазылганын көрөм маңдайга
  • Бейкапар жүргөнүмдү байкап карагым Жүрөгүмө чок салдың кошуп азабың Назик көңүлдү буруп алган соң Ашык кылып,кыйноонун бердиң сазайын Кайырма Кабагың сүрдөткөн Алды жүрөктөн Таркайт кумарым сенин Маңдайыңдан бир өпсөм Көздөрүңө кадаламың сенин берметтей Жолой калсам жакыныраак калат дем жетпей Багынтып сени,мендик болгончо Көзүм менен коргоп жүрөм сени желдеттей
  • Кайталанган, окшош кундорум Кундо жумуш, кайра уйдомун Тажаганда таштап озумду Кайра суйродум Жамайын деп жыртык жеримди Төгүп жүрөм маңдай теримди Сабыр менен бууп үйрөндүм Бышык белимди Буйруп койгон экен бактыма Моюн сунуп койгон шартыңа Ырыскымды термелеп журом Сенде Москва Жазып койгон экен бактыма Жашым тогуп, жаздык астына Жакындарым сагынып журом Сенде Москва Кылыгына тойчу кез келип Эзилбедик, эркелетпедик Оз балдарын сагынып жургон Барбы менчелик Сенде журуп өгөй баладай Бир урунуп, бирде кагылдым Өз уйум, өлөң төшөгүмдун Жытын сагындым Буйруп койгон экен бактыма Моюн сунуп койгон шартыңа Ырыскымды термелеп журом Сенде Москва Жазып койгон экен бактыма Жашым тогуп, жаздык астына Жакындарым сагынып журом Сенде Москва Бул күндөр да өтөр-кетер деп Ана кетем, мына кетем деп Арабасын суйроп турмуштун Жүрөм чет элдеп Эки коздун жашын кылгыртып Бироо кетсе ээрчигин келет Мен да бир кун, кош бол Москва Дечу кун келет Буйруп койгон экен бактыма Моюн сунуп койгон шартыңа Ырыскымды термелеп журом Сенде Москва Жазып койгон экен бактыма Жашым тогуп, жаздык астына Жакындарым сагынып журом Сенде Москва
  • Чыйрыгамын,эч жылыбай какшайт денем Сүйбөгөндө минтип ооруп жатпайт элем Жүрөгүмдү шамалдатып алдым окшойт Сен кетерде,жүрөгүмдүн Эшигин бекемирээк жаппайт белең Мен сүйүүнү оңой эле ойлоптурмун Тыптынч жаткан сезимдерди козгоптурмун Кайда барсам,кошо жүрүп ойдон кетпей Каларыңды билгенимде, Сүйбөй эле,күйбөй эле койбоптурмун Катты башым,акылымды жоготкондой Карай берем,өзүм тойсо көзүм тойбой Ары сүйрөп,бери сүйрөп тагдыр экөөң Кыйнадыңар,туталантып Сүйгөн жанды аз болсо да аяп койбой Жараланган жүрөгүмдү Колдон алып,жардам берип таяп койбой