Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу дастаны»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Качпаймын жамгырдан көнөктөгөн,
Сезимим сага болгон тазарсын деп.
Баспаймын тескери жаман жолго,
Кир жугуп көңүлүмө калбасын деп.
Кайырма:
Таң эрте сайраган сүтак менен,
Таалайлуу күндөрдү сурап келем,
Самаган бакытымды сурап келем,
Достошпойм ичи тар, жаман менен,
Адашып ак жолумдан калбайын деп.
Тоспоймун бороонго көкүрөктү,
Оорутуп сезимимди албайын деп.
Кайырма:
Таң эрте сайраган күкүк менен,
Таалайлуу күндөрдү күтүп келем,
Самаган бакытымды күтүп келем.
Суу алсаң ийниңе бакан менен,
Чагылып сулуулугуң Айга жеткен.
Сүрдөгөн жүрөктү көндүрө албай,
Сүйүүмдү айттыра албай айлам кеткен.
Кайырма:
Таң эрте сайраган булбул менен,
Таалайым мен сага ырдап келем,
Сүйүүмдү дастан кылып айтып келем.
Таң эрте сайраган сүтак менен,
Таалайым сен жактан сурап келем,
Самаган бакытымды сурап келем.
Таң эрте сайраган күкүк менен,
Таалайлуу күндөрдү күтүп келем,
Самаган бакытымды күтүп келем.

Другие песни исполнителя:

  • Ноты на розовом холсте, Соприкоснулись две судьбы. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев: Не уходи, не оставляй, Проживи эту жизнь со мной. Не разлучит нас никогда, Я хочу чтоб ты знала. До + Фа, До + Фа, В сердце я храню! Вопреки злым ветрам, Что бы ни было я с тобой! Ноты рисуя на окне, Я вспоминаю те слова. Просто я хотел сказать, Что люблю, устал скучать. Всё однажды ты поймешь, Не гадайте на любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев Ноты звучат в моей душе, Мы не вдвоём, мы врозь — одни. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев
  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Сен барда болбойт кайгы тушаган, Канат байлап уча алам, Кайрайт мени бүт аалам. Мен кайда барсам өзүң оюмда, Сүйүү деген сонун да Кайырма: Сен кайдан келдиң? Сен менен гана баарын жеңдим Жок дебей мага жообуң бергин Балапаным менин перим, аа. Термеген, ырахатка бул убак, Ыргагындай угулат, Жүрөгүмдөн ыр курап. Сен менен сезимимди аруулап, Өмүрүмдү жаңылап… Кайырма: Ишенем сүйүү баяны, Бактылуу болот аягы…
  • Арман күүсүн чалып, Ак булутту жарып. Келбес сапарга аттандың, Жанбай өчтү жарык. Жалынына мен калып, Жазганы бул Жараткандын. Ишене албай көпкө, Ичим жалын өрткө, Туталанып баратканмын. Жашым көлдөй төккөм, Жараланып чөккөм, жан тумарым. Кайырма: Кайдасың сен, асыл эркем? Жүрөк жарып, дүйнө салып кете берген. Кыйналдым мен сагынтып сен, Дарманым жок, Жанымда жок жашап келем. Эки дүйнө изи, кезиктирет бизди, Элес болуп түштө гана. Жашоо токтоп калды, Айла табар барбы? Кайрып берер ушул жанды. Тагдыр жолу кайгы, Тушап мени алды, Таалайыма тузак салды. Ташбоор экен баары, Талкалап салды, Көңүл калды.