Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тамчы кыз»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Кайырма:
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.
Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.

Другие песни исполнителя:

  • Тарыхы бар нечен, Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо — бешигим, Башым ийип, таазим этем. Керемет аймагы, Желбиреп турсун байрагы. Булагың таш жарып, Булбулдай сайрагын. Кайырма: Кыргызстаным, Кыргызстаным! Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым. Кыргызстаным, Кыргызстаным! Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным! Мекеним, медерим, Ыйыксың, аны сеземин. Түбөлүк сактайбыз, Түшүрбөй бийик желегиң. Баарыбыз бул тапта, Баркыңды сезбей турсак да. Кемитпей беребиз, Келечек урпакка. Кайырма: Менин алтын уям, Бакытымдай туям. Уча бер оболоп, Бардыгы оңолот!
  • Бактыма табылган, Көзүңөн кагылам, Көрбөсөм сени сагынам. Күн болуп жагылган, Ай сымал жаңырган, Жарыгым кетпе жанымдан. Жактырбай калсаң да, тансаңда, Колум сунамын. Азапка салсаң да, анда да, Сага барамын. Кайырма: Бирок, сени менен, эркем, Бирге болом деген үмүт менен, Азыр жашап келем. Билем ыйык сезим деген, Анда болбойт ченем, На-на-на. Болсом дейм дайым жаныңда, Сүйүү багында. Ашыгам ар бир кылыгыңа, Жалгыздыкта калтырба. Арман кылбай, ардагым ай, Түбөлүк түгөйүм болчу. Жүрчү тыңдай, жүрөм ырдай, Сүйүүмдү сага деген. Жүрөгүм арнап, жүрсөм дейм жандап, Жарашып сени менен. Кайырма: Жараткандын белеги, Аны буюруп береби? Күттүрбөстөн келсеңчи, Жүрөгүмдүн ээси, теңи. Кайырма: Болсом дейм дайым жаныңда, Сүйүү багында. Ашыгам ар бир кылыгыңа, Жалгыздыкта калтырба.
  • Жүрөгүмдүн жарыгын, Бир таарыныч бузабы? Ынтымактын жалынын, Ыксыз ушак сызабы? Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма: Ширелишкен кош жүрөк, Шарт бөлүнүп кетеби? Биригишкен кош тилек, Бири-биринен кечеби? Элесиңди мен таппай, Жер бетине мен батпай. Көздөгөнгө мен жетпей, Кол кармашып мен кетпей. Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду.
  • Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы, Өкүнгөндөн же табар пайда барбы? Күлкү менен, шат менен таң атырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды? Артта калды. Жылаңайлак суу кечкен жайда калды, Жылгалардан гүл терген сайда калды. Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, Кайда калды, артта калды. Ташты эритер сендеги чоктун деми, Кайсы топко алпарып коштуң мени? Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок, Кош бол, менин алтыным, Кош бол, жалын жаштыгым. Кош бол эми, кош бол эми…