Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир болом»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бактыма табылган,
Көзүңөн кагылам,
Көрбөсөм сени сагынам.
Күн болуп жагылган,
Ай сымал жаңырган,
Жарыгым кетпе жанымдан.
Жактырбай калсаң да, тансаңда,
Колум сунамын.
Азапка салсаң да, анда да,
Сага барамын.
Кайырма:
Бирок, сени менен, эркем,
Бирге болом деген үмүт менен,
Азыр жашап келем.
Билем ыйык сезим деген,
Анда болбойт ченем,
На-на-на.
Болсом дейм дайым жаныңда,
Сүйүү багында.
Ашыгам ар бир кылыгыңа,
Жалгыздыкта калтырба.
Арман кылбай, ардагым ай,
Түбөлүк түгөйүм болчу.
Жүрчү тыңдай, жүрөм ырдай,
Сүйүүмдү сага деген.
Жүрөгүм арнап, жүрсөм дейм жандап,
Жарашып сени менен.
Кайырма:
Жараткандын белеги,
Аны буюруп береби?
Күттүрбөстөн келсеңчи,
Жүрөгүмдүн ээси, теңи.
Кайырма:
Болсом дейм дайым жаныңда,
Сүйүү багында.
Ашыгам ар бир кылыгыңа,
Жалгыздыкта калтырба.

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Ноты на розовом холсте, Соприкоснулись две судьбы. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев: Не уходи, не оставляй, Проживи эту жизнь со мной. Не разлучит нас никогда, Я хочу чтоб ты знала. До + Фа, До + Фа, В сердце я храню! Вопреки злым ветрам, Что бы ни было я с тобой! Ноты рисуя на окне, Я вспоминаю те слова. Просто я хотел сказать, Что люблю, устал скучать. Всё однажды ты поймешь, Не гадайте на любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев Ноты звучат в моей душе, Мы не вдвоём, мы врозь — одни. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев