Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мейли»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмдө сага деген,
Айтылгыс арман бар.
Сезимде сүйүү от болуп,
Жүрөм арга таппай.
Сагынам бир өзүңдү,
Үзө албай үмүтүмдү.
Алыстап кеттиң менден,
Башка менен.
Кайырма: 2 жолу
Мейли, сенсиз күндөр өтсүн,
Мейли, сансыз түндөр өтсүн.
Мейли, тагдыр мени сынасын,
Ак сүйүүм менин жалган эмес.
Себебин түшүнбөйм дале,
Неге сүйөм сени?
Азапка салып кыйнайсың,
Аясаңчы мени.
Кайрылбай алыс кетип,
Адашкан, жаным, менин.
Унутпай эстей жүрөм,
Сүйүүм менин.

Другие песни исполнителя:

  • Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы, Өкүнгөндөн же табар пайда барбы? Күлкү менен, шат менен таң атырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды? Артта калды. Жылаңайлак суу кечкен жайда калды, Жылгалардан гүл терген сайда калды. Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, Кайда калды, артта калды. Ташты эритер сендеги чоктун деми, Кайсы топко алпарып коштуң мени? Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок, Кош бол, менин алтыным, Кош бол, жалын жаштыгым. Кош бол эми, кош бол эми…
  • О тебе… О тебе… Я подбираю осколки слёз твоих, Превращаю в цветы. Я так люблю наблюдать твои мечты, И исполнять их. Я строил замки из песка лучами солнца, Для тебя я на рассвете. И летней музыкой дождя, Прольется вновь любовь моя, Я не могу без тебя. Кайырма: Я не хочу отпускать тебя, Ты очень много значишь для меня. Мне очень хочется тебя обнять, Обнять тебя и не отпускать. Пусть между нами будут города, Твою улыбку не заменит ранняя весна. Бриллианты слёз стекают по твоей щеке, Они в моих руках напомнят о тебе. Твоё имя рисую на песке, Как мне жить без тебя? Лучезарною улыбкою своей, Ты губишь меня. Слагаю строчки для тебя, Ведь ты одна моя судьба, Мы будем вместе. Живу я с мыслю о тебе, Пусть так угодно судьбе, Но я вернусь к тебе. Кайырма:
  • Өзүңдү таптым, өрт болуп жалыным, Жадырап күлүп сен жүрөккө от салдың. Сагыныч ээлеген саналуу аралык, Жети күн калса экен кылымдай саналып. Жаратканга жетип үнүм, Жалгыз сага, жаным, кезиктим. Жашоодогу бул жети күн, Эң бактылуу мезгил. Кайырма: Таанышуу арзууга айланды, Бир аптада, бир заматта. Алтыным, мен сага байландым, Бир аптада, бир заматта. Баткан күндө, аткан таңда, Жанашып дайыма. Өткөн күндөр өзүң менен, Сүйүүнүн ортосунда.
  • Тарыхы бар нечен, Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо — бешигим, Башым ийип, таазим этем. Керемет аймагы, Желбиреп турсун байрагы. Булагың таш жарып, Булбулдай сайрагын. Кайырма: Кыргызстаным, Кыргызстаным! Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым. Кыргызстаным, Кыргызстаным! Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным! Мекеним, медерим, Ыйыксың, аны сеземин. Түбөлүк сактайбыз, Түшүрбөй бийик желегиң. Баарыбыз бул тапта, Баркыңды сезбей турсак да. Кемитпей беребиз, Келечек урпакка. Кайырма: Менин алтын уям, Бакытымдай туям. Уча бер оболоп, Бардыгы оңолот!
  • Көчө бойлоп сүйүүмдү издеп келем, Баары бир жалгызымды таппай келем. Тагдырым буйруганы ушул беле? Кайдасың, секелек жолугарым, Кезигер бекем сага? Дүйнөнүн керемети. Кайырма: Менин жолугарым, Түбөлүк жашаарым, Кайдан табамын, Мага буйруганын? Жерди айланамын, Издеп чарчабаймын. Менин жолугарым, Жүрөк соктурарым, Кезигер бекем сага? Асманда, жылдыздар, айткылачы, Түгөйүм кай жерде күтүп жатканын. Үзүлбөй үмүтүм жашап келем, Жарымым калганын толуктачы, Жараткандан сурайын, Дүйнөнүн керемети.