Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кулгун жаш»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды?
Артта калды.
Жылаңайлак суу кечкен жайда калды,
Жылгалардан гүл терген сайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Кайда калды, артта калды.
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…

Другие песни исполнителя:

  • Өзүңдү таптым, өрт болуп жалыным, Жадырап күлүп сен жүрөккө от салдың. Сагыныч ээлеген саналуу аралык, Жети күн калса экен кылымдай саналып. Жаратканга жетип үнүм, Жалгыз сага, жаным, кезиктим. Жашоодогу бул жети күн, Эң бактылуу мезгил. Кайырма: Таанышуу арзууга айланды, Бир аптада, бир заматта. Алтыным, мен сага байландым, Бир аптада, бир заматта. Баткан күндө, аткан таңда, Жанашып дайыма. Өткөн күндөр өзүң менен, Сүйүүнүн ортосунда.
  • Керемет күн сага кезиккен, Ак жоолукчан болдуң периштем. Көшөгөңдөй аппак пейилиңден, Түгөй болдук эми ээрчишкен. Кайырма: Мен үчүн өмүрүң арнадың, Ойлонбой байландың, Өзүңдү тандадым, мен. Сен үчүн кучагым жаямын, Боломун таянарың, Сүйөмүн мен сени, жаным. Үйдүн куту жанган чырагым, сенсиң, Таарынчагым, бала кыялым менин. Күтүп алат күлүп, күнү-түн, Жароокерим жаным, үмүтүм. Кайырма: Аялзаты назик, аны сактайлы, Аманатка берилген жанды, Аялдан дүйнө тарады…
  • Тарыхы бар нечен, Ынтымагы дайым бекем. Ала-Тоо — бешигим, Башым ийип, таазим этем. Керемет аймагы, Желбиреп турсун байрагы. Булагың таш жарып, Булбулдай сайрагын. Кайырма: Кыргызстаным, Кыргызстаным! Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт, Өзүңсүз атпайт таңым. Кыргызстаным, Кыргызстаным! Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным, Аябай тамчы каным! Мекеним, медерим, Ыйыксың, аны сеземин. Түбөлүк сактайбыз, Түшүрбөй бийик желегиң. Баарыбыз бул тапта, Баркыңды сезбей турсак да. Кемитпей беребиз, Келечек урпакка. Кайырма: Менин алтын уям, Бакытымдай туям. Уча бер оболоп, Бардыгы оңолот!
  • Жанымда сен, багымда сен сүйгөнүм менин Жүрөгүмдүн тереңинен жаралган сезим Сага мен сага, гүл арнадым, ырым арнадым Мага сен мага болчу жубайым, бол жубайым Мен жаныңда бир багытка жетели дедиң Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен Кайырма: Ой-ой-ой, жаным ой 3 жолу Тандадым бир өзүңдү ооой Ой-ой-ой ой-ой-ой ой-ой-ой! Көңүлүмдү, өмүрүмдү сага арнадым Эки өмүрдү бирге өткөрсөк, болбос арманым Бактымды таптым, керемет сонун сүйүү жомогун Жанымсың жаным, кыялдын баарын сенден табамын Күлүп турчу сүйүп турчу жашоо тартуула Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен
  • Ар түрдүү жашоонун катуу сынагына, Сына көрбө, досум, сен сабыр карма. Жеңилдик ар азаптын аркасында. Жалгыздык кыйнап сени жемеледи, Караңгы түн жол көргөзүп бербеди, Ишенгин сен жалгыз эмессиң. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, иштеп жолуңду тап. Болот адамдар бул жашоодо жаңылышат, Андан соң көп ойлонуп кайгырышат. Тобо кылууну сен эч унутпа Айды, Асманды, Күндү тең бөлүшкөндөй Сүйүүнү баарыбыз тең бөлүшсөк не? Жашообуз ойдогудай узун эмес. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, Кудай угуучу зат.