Казахские песни Узбекские песни

Песня «Танышуу арзууга айланды»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзүңдү таптым, өрт болуп жалыным,
Жадырап күлүп сен жүрөккө от салдың.
Сагыныч ээлеген саналуу аралык,
Жети күн калса экен кылымдай саналып.
Жаратканга жетип үнүм,
Жалгыз сага, жаным, кезиктим.
Жашоодогу бул жети күн,
Эң бактылуу мезгил.
Кайырма:
Таанышуу арзууга айланды,
Бир аптада, бир заматта.
Алтыным, мен сага байландым,
Бир аптада, бир заматта.
Баткан күндө, аткан таңда,
Жанашып дайыма.
Өткөн күндөр өзүң менен,
Сүйүүнүн ортосунда.

Другие песни исполнителя:

  • Биз таанышып жазгы күндө, Бирге жүрдүк жамгырлуу түндө. Жаш баладай жазгы күнүм, Күбө болгон сүйүүгө. Кайырма: Мына бүгүн жаз жамгыры, Тереземди черткилеп. Үмүт менен күтөм сени, Жазда эле сүйүүм келер деп. Коштошкон күн али эсимде, Жамгыр төккөн себелеп. Жамгыр менен кошо ыйладым, Күткүн жазда келем деп. Кайырма: Мына бүгүн жаз жамгыры, Тереземди черткилеп. Үмүт менен күтөм сени, Жазда эле сүйүүм келер деп.
  • Көчө бойлоп сүйүүмдү издеп келем, Баары бир жалгызымды таппай келем. Тагдырым буйруганы ушул беле? Кайдасың, секелек жолугарым, Кезигер бекем сага? Дүйнөнүн керемети. Кайырма: Менин жолугарым, Түбөлүк жашаарым, Кайдан табамын, Мага буйруганын? Жерди айланамын, Издеп чарчабаймын. Менин жолугарым, Жүрөк соктурарым, Кезигер бекем сага? Асманда, жылдыздар, айткылачы, Түгөйүм кай жерде күтүп жатканын. Үзүлбөй үмүтүм жашап келем, Жарымым калганын толуктачы, Жараткандан сурайын, Дүйнөнүн керемети.
  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы, Өкүнгөндөн же табар пайда барбы? Күлкү менен, шат менен таң атырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, кайда калды? Артта калды. Жылаңайлак суу кечкен жайда калды, Жылгалардан гүл терген сайда калды. Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган, Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш, Жалын жаш, эй, жалын жаш, Кайда калды, артта калды. Ташты эритер сендеги чоктун деми, Кайсы топко алпарып коштуң мени? Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок, Кош бол, менин алтыным, Кош бол, жалын жаштыгым. Кош бол эми, кош бол эми…