Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстаным»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тарыхы бар нечен,
Ынтымагы дайым бекем.
Ала-Тоо — бешигим,
Башым ийип, таазим этем.
Керемет аймагы,
Желбиреп турсун байрагы.
Булагың таш жарып,
Булбулдай сайрагын.
Кайырма:
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Билем мен, бир өзүңдө ырыс-бакыт,
Өзүңсүз атпайт таңым.
Кыргызстаным, Кыргызстаным!
Керекпи? Бир өзүңө арнайм жаным,
Аябай тамчы каным!
Мекеним, медерим,
Ыйыксың, аны сеземин.
Түбөлүк сактайбыз,
Түшүрбөй бийик желегиң.
Баарыбыз бул тапта,
Баркыңды сезбей турсак да.
Кемитпей беребиз,
Келечек урпакка.
Кайырма:
Менин алтын уям,
Бакытымдай туям.
Уча бер оболоп,
Бардыгы оңолот!

Другие песни исполнителя:

  • Yesterday I saw in the glow of clubs light, I asked how it’s going and you answered all right!! I tried to made feel that I’m crazy about you, and all the dreams we have could be true. is this love or not i do not even know, and I’m so afraid that you just can go. I want to find a place in your beautiful heart, Let’s go dance Flore it’s a right time to start!! Кайырма: Baby let me be your boyfriend tonight!!! I will do my best for all the night. Baby would give me only one chance? To follow you in the magic of dance. Baby let me be your boyfriend to night!! You can be the only queen of my life, Forget about the troubles you had a day. Come with me and I will show you right way!! For now I can’t stop to make you are mine, You have said that you like me say it more time. The language of the body will say it right !!!! And to be with you I’m ready to fight. There’s no need a words baby just believe, That without your smile I have no reason to live . Now it doesn’t matter how long will it be, move your body girl it’s all that we need.
  • Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө айла жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми таарынба. Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айлыңдан узап сен кетсең, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма: Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.
  • Биз таанышып жазгы күндө, Бирге жүрдүк жамгырлуу түндө. Жаш баладай жазгы күнүм, Күбө болгон сүйүүгө. Кайырма: Мына бүгүн жаз жамгыры, Тереземди черткилеп. Үмүт менен күтөм сени, Жазда эле сүйүүм келер деп. Коштошкон күн али эсимде, Жамгыр төккөн себелеп. Жамгыр менен кошо ыйладым, Күткүн жазда келем деп. Кайырма: Мына бүгүн жаз жамгыры, Тереземди черткилеп. Үмүт менен күтөм сени, Жазда эле сүйүүм келер деп.
  • Ар бир күн, Ар бир түн, Ар согушу жүрөктүн. Айтып берет мүнөзүң, Сенин сүрөтүң. Ак сүйүүм сен үчүн, Болду бекен жан күзгүң? Океандай күйүтүм, Менин бул сүйүүм. Бактыма сен кичине эркесиң, Бактыма сен кичине тентексиң, Кудайым мага берген кымбат белеги. Муздак жашоо күтсө бизди алдыда, Жылытсам дейм сен кучагымда, Сүйөмүн жаным, сүйөм сени, унутпа. Кабылдык сүйүү көр жазасына, Чакадык биз анын азабына, Биздин кеме жабыр тартты айсберг алдында. Ар бир күн, Ар бир түн, Ар согушу жүрөктүн. Айтып берет мүнөзүң, Сенин сүрөтүң. Ак сүйүүм сен үчүн, Болду бекен жан күзгүң? Океандай күйүтүм, Менин бул сүйүүм. Бактыма сен кичине эркесиң, Бактыма сен кичине тентексиң, Кудайым мага берген кымбат белеги. Муздак жашоо күтсө бизди алдыда, Жылытсам дейм сен кучагымда, Сүйөмүн жаным, сүйөм сени, унутпа. Боло албайм кооз дос, Начальник же босс. Жүрөгүм алсыз, Сенсиз турат жансыз. Жалгызсырап алсыз, Сансыз күндөр сенсиз. Сага сүйүүм чексиз, Жашоом болду тузсуз. Жүрөгүм сага деген үмүтүн эч үзбөдү, Ойлорум учуп, көңүлүмдү сага түзөдүм.
  • Жүрөгүмдүн жарыгын, Бир таарыныч бузабы? Ынтымактын жалынын, Ыксыз ушак сызабы? Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма: Ширелишкен кош жүрөк, Шарт бөлүнүп кетеби? Биригишкен кош тилек, Бири-биринен кечеби? Элесиңди мен таппай, Жер бетине мен батпай. Көздөгөнгө мен жетпей, Кол кармашып мен кетпей. Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду.