Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сыйлай жур»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эки тал көрсөң кыйбай жүр,
Элиңде жүрсөм сыйлай жүр.
Элиңден узап мен кетсем,
Эрмегим деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жаштык жалын чагыңда,
Ойноп-күлүп жалында.
Тагдыр бөлсө айла жок,
Тагдырлашым таарынба.
Таарынба, таарынба,
Көрүшкөнчө сагынба.
Сагынба, сагынба,
Кош бол эми таарынба.
Ак кайың көрсөң кыйбай жүр,
Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр.
Айлыңдан узап сен кетсең,
Алтыным деп ырдай жүр.
Кайырма:
Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр,
Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр.
Жаныңдан узап мен кетсем,
Жалжалым деп ырдай жүр.

Другие песни исполнителя:

  • Арманга жүрөк толгондо, Аябай куса болгондо. Алсырап чыгып басамын, Ай нурун төккөн жолдордо. Кайырма: Убайга батпа сагынба, Умсунуп ыйга багынба. Мен турган болом бир гана, Сен баскан жолдун баарында. Күтүүгө жүрөк толгондо, Күйүтүм муздап, тоңгондо. Жапжалгыз чыгып басамын, Жалбырак жааган жолдордо. Кайырма: Коштошуу деген оңойбу, Козгогон муңдуу обонду. Кар тосуп калды бекен деп, Карадым күндө тоолорду.
  • Асман ачык болчу ал күнү, Асфальт жолдо турдуң курбуң күтүп. Арбайт өткөндөрдү сенин күлкүң, Эми сулуу пери ойлон терең, Өмүр өтө бербейт күлкү менен, Жашоо асфальт жолдой болсун кенен. Кайырма: Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың, Ай, ай, шашыласың. Ай, ай, жаш курагың жашырасың. Сезим ойгоно элек сенин жүрөгүңдө, Сельфи телефондо, бардык сүрөтүңдө. Убактың өтөт интернет түйүндө, Күндө да, түндө… Жашоо виртуалдуу дүйнө эмес, Жаштык, жарашыктуу жашыл белес. Жаркып, жайнап турат карап көрчү, Дүйнө сендей керемет. Кайырма: Балким кыялдарың өтө бийик, Болгун кыялыңдай сен да күлүк. Жаша бир адамды чындап сүйүп. Кайырма: Ай, ай, чоңоюуга ашыгасың, Ай, ай, шашылбачы. Ай, ай, жаш курагың жашырасың.
  • Жанымда сен, багымда сен сүйгөнүм менин Жүрөгүмдүн тереңинен жаралган сезим Сага мен сага, гүл арнадым, ырым арнадым Мага сен мага болчу жубайым, бол жубайым Мен жаныңда бир багытка жетели дедиң Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен Кайырма: Ой-ой-ой, жаным ой 3 жолу Тандадым бир өзүңдү ооой Ой-ой-ой ой-ой-ой ой-ой-ой! Көңүлүмдү, өмүрүмдү сага арнадым Эки өмүрдү бирге өткөрсөк, болбос арманым Бактымды таптым, керемет сонун сүйүү жомогун Жанымсың жаным, кыялдын баарын сенден табамын Күлүп турчу сүйүп турчу жашоо тартуула Жүрөгүңдү, мүнөзүңдү ой, сүйөмүн бир өзүндү мен