Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалуу жол»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арманга жүрөк толгондо,
Аябай куса болгондо.
Алсырап чыгып басамын,
Ай нурун төккөн жолдордо.
Кайырма:
Убайга батпа сагынба,
Умсунуп ыйга багынба.
Мен турган болом бир гана,
Сен баскан жолдун баарында.
Күтүүгө жүрөк толгондо,
Күйүтүм муздап, тоңгондо.
Жапжалгыз чыгып басамын,
Жалбырак жааган жолдордо.
Кайырма:
Коштошуу деген оңойбу,
Козгогон муңдуу обонду.
Кар тосуп калды бекен деп,
Карадым күндө тоолорду.

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн, Баалуулугу түшүп дүйнөнүн. Азгырык да сенин айланаң, А, сен кызысың таза дүйнөнүн. Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин китеп сүйгөнүң. Мээримге толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн. Кайырма: Кандай кыз сага теңелет, Уялганың керемет Периштедей сезилет Тазалыгың жактырам, Адебиңе суктанамын, Ашыгам, тартылам. Апакеңдин аппак сүтүндөй, Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй. Сен аларга көңүл бурбагын, Бийиктигиң, баркың түшүрбөй Ар ким айтса сүйгөнүн, А, сенин билим сүйгөнүң. Ыйманга толгон жүрөгүң, Сен деп жүрөмүн.
  • Жүрөгүмдүн жарыгын, Бир таарыныч бузабы? Ынтымактын жалынын, Ыксыз ушак сызабы? Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма: Ширелишкен кош жүрөк, Шарт бөлүнүп кетеби? Биригишкен кош тилек, Бири-биринен кечеби? Элесиңди мен таппай, Жер бетине мен батпай. Көздөгөнгө мен жетпей, Кол кармашып мен кетпей. Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду.
  • Эки тал көрсөң кыйбай жүр, Элиңде жүрсөм сыйлай жүр. Элиңден узап мен кетсем, Эрмегим деп ырдай жүр. Кайырма: Жаштык жалын чагыңда, Ойноп-күлүп жалында. Тагдыр бөлсө айла жок, Тагдырлашым таарынба. Таарынба, таарынба, Көрүшкөнчө сагынба. Сагынба, сагынба, Кош бол эми таарынба. Ак кайың көрсөң кыйбай жүр, Айлыңда жүрсөм сыйлай жүр. Айлыңдан узап сен кетсең, Алтыным деп ырдай жүр. Кайырма: Жалгыз тал көрсөң кыйбай жүр, Жаныңда жүрсөм сыйлай жүр. Жаныңдан узап мен кетсем, Жалжалым деп ырдай жүр.
  • Yesterday I saw in the glow of clubs light, I asked how it’s going and you answered all right!! I tried to made feel that I’m crazy about you, and all the dreams we have could be true. is this love or not i do not even know, and I’m so afraid that you just can go. I want to find a place in your beautiful heart, Let’s go dance Flore it’s a right time to start!! Кайырма: Baby let me be your boyfriend tonight!!! I will do my best for all the night. Baby would give me only one chance? To follow you in the magic of dance. Baby let me be your boyfriend to night!! You can be the only queen of my life, Forget about the troubles you had a day. Come with me and I will show you right way!! For now I can’t stop to make you are mine, You have said that you like me say it more time. The language of the body will say it right !!!! And to be with you I’m ready to fight. There’s no need a words baby just believe, That without your smile I have no reason to live . Now it doesn’t matter how long will it be, move your body girl it’s all that we need.
  • Ноты на розовом холсте, Соприкоснулись две судьбы. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев: Не уходи, не оставляй, Проживи эту жизнь со мной. Не разлучит нас никогда, Я хочу чтоб ты знала. До + Фа, До + Фа, В сердце я храню! Вопреки злым ветрам, Что бы ни было я с тобой! Ноты рисуя на окне, Я вспоминаю те слова. Просто я хотел сказать, Что люблю, устал скучать. Всё однажды ты поймешь, Не гадайте на любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев Ноты звучат в моей душе, Мы не вдвоём, мы врозь — одни. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев