Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жашоо уланат»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Арман күүсүн чалып, Ак булутту жарып. Келбес сапарга аттандың, Жанбай өчтү жарык. Жалынына мен калып, Жазганы бул Жараткандын. Ишене албай көпкө, Ичим жалын өрткө, Туталанып баратканмын. Жашым көлдөй төккөм, Жараланып чөккөм, жан тумарым. Кайырма: Кайдасың сен, асыл эркем? Жүрөк жарып, дүйнө салып кете берген. Кыйналдым мен сагынтып сен, Дарманым жок, Жанымда жок жашап келем. Эки дүйнө изи, кезиктирет бизди, Элес болуп түштө гана. Жашоо токтоп калды, Айла табар барбы? Кайрып берер ушул жанды. Тагдыр жолу кайгы, Тушап мени алды, Таалайыма тузак салды. Ташбоор экен баары, Талкалап салды, Көңүл калды.
  • Ар түрдүү жашоонун катуу сынагына, Сына көрбө, досум, сен сабыр карма. Жеңилдик ар азаптын аркасында. Жалгыздык кыйнап сени жемеледи, Караңгы түн жол көргөзүп бербеди, Ишенгин сен жалгыз эмессиң. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, иштеп жолуңду тап. Болот адамдар бул жашоодо жаңылышат, Андан соң көп ойлонуп кайгырышат. Тобо кылууну сен эч унутпа Айды, Асманды, Күндү тең бөлүшкөндөй Сүйүүнү баарыбыз тең бөлүшсөк не? Жашообуз ойдогудай узун эмес. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, Кудай угуучу зат.
  • Жүрөгүмдүн жарыгын, Бир таарыныч бузабы? Ынтымактын жалынын, Ыксыз ушак сызабы? Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду. Кайырма: Ширелишкен кош жүрөк, Шарт бөлүнүп кетеби? Биригишкен кош тилек, Бири-биринен кечеби? Элесиңди мен таппай, Жер бетине мен батпай. Көздөгөнгө мен жетпей, Кол кармашып мен кетпей. Сезимдеги жылуулук, Сөзгө келбей тоңобу? Сүйүүдөгү сулуулук, Өз колумдан соолуду.
  • Качпаймын жамгырдан көнөктөгөн, Сезимим сага болгон тазарсын деп. Баспаймын тескери жаман жолго, Кир жугуп көңүлүмө калбасын деп. Кайырма: Таң эрте сайраган сүтак менен, Таалайлуу күндөрдү сурап келем, Самаган бакытымды сурап келем, Достошпойм ичи тар, жаман менен, Адашып ак жолумдан калбайын деп. Тоспоймун бороонго көкүрөктү, Оорутуп сезимимди албайын деп. Кайырма: Таң эрте сайраган күкүк менен, Таалайлуу күндөрдү күтүп келем, Самаган бакытымды күтүп келем. Суу алсаң ийниңе бакан менен, Чагылып сулуулугуң Айга жеткен. Сүрдөгөн жүрөктү көндүрө албай, Сүйүүмдү айттыра албай айлам кеткен. Кайырма: Таң эрте сайраган булбул менен, Таалайым мен сага ырдап келем, Сүйүүмдү дастан кылып айтып келем. Таң эрте сайраган сүтак менен, Таалайым сен жактан сурап келем, Самаган бакытымды сурап келем. Таң эрте сайраган күкүк менен, Таалайлуу күндөрдү күтүп келем, Самаган бакытымды күтүп келем.