Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем»
исполнителя Омар Жанышов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешки берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.
Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.
Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.
Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.

Другие песни исполнителя:

  • Ар түрдүү жашоонун катуу сынагына, Сына көрбө, досум, сен сабыр карма. Жеңилдик ар азаптын аркасында. Жалгыздык кыйнап сени жемеледи, Караңгы түн жол көргөзүп бербеди, Ишенгин сен жалгыз эмессиң. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, иштеп жолуңду тап. Болот адамдар бул жашоодо жаңылышат, Андан соң көп ойлонуп кайгырышат. Тобо кылууну сен эч унутпа Айды, Асманды, Күндү тең бөлүшкөндөй Сүйүүнү баарыбыз тең бөлүшсөк не? Жашообуз ойдогудай узун эмес. Кайырма: Кудай буйруса, Кудай буйруса, Бактылуу күндүн нуру дагы жылытат. Кудай буйруса, издеп жолуңду тап. Кудай буйруса, Кудай буйруса, Жазылган сага дагы чексиз ырыс, бак. Кудай буйруса, Кудай угуучу зат.
  • Сезимиме жалын жагып, Назданасың кашың кагып. Махабатты баалай албай, Эми башка менен кеткениң кандай? Бирок мен, жигит, ишенгем бир өзүңө, Бара албаймын сага өтүнө, Баркын билбес жанга өкүнө. Билем азыр сүйүүдөн сен жаңылдың, Сезимимди неге алдадың? Сени сүйбөс жанды тандадың. Сен кыялымдыгы элестей, Оюмдасың эч кетпей. Жүрөсүңбү мени эстей? Сен тагылбаган берметтей, Каалабаган белектей, Жашайсың сүйүүмдү сезбей. Ишенем сүйүү барына, Жазылган багыма. Күтпөймүн эми сагына, Таарынбайм ушул тагдырга. Сен мени алдадың, Көнө албадым, Ак сүйүүмө. Мен кыйналсам да, Сен азгырсаң да. Сени эстеп эми кайгырбайм.
  • Ноты на розовом холсте, Соприкоснулись две судьбы. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев: Не уходи, не оставляй, Проживи эту жизнь со мной. Не разлучит нас никогда, Я хочу чтоб ты знала. До + Фа, До + Фа, В сердце я храню! Вопреки злым ветрам, Что бы ни было я с тобой! Ноты рисуя на окне, Я вспоминаю те слова. Просто я хотел сказать, Что люблю, устал скучать. Всё однажды ты поймешь, Не гадайте на любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев Ноты звучат в моей душе, Мы не вдвоём, мы врозь — одни. Так хотел любви твоей, Путник серых, скучных дней. Предали однажды мы, Прогадав свою любовь. Два созвучия, Две мечты, Два крыла!!! Припев
  • Качпаймын жамгырдан көнөктөгөн, Сезимим сага болгон тазарсын деп. Баспаймын тескери жаман жолго, Кир жугуп көңүлүмө калбасын деп. Кайырма: Таң эрте сайраган сүтак менен, Таалайлуу күндөрдү сурап келем, Самаган бакытымды сурап келем, Достошпойм ичи тар, жаман менен, Адашып ак жолумдан калбайын деп. Тоспоймун бороонго көкүрөктү, Оорутуп сезимимди албайын деп. Кайырма: Таң эрте сайраган күкүк менен, Таалайлуу күндөрдү күтүп келем, Самаган бакытымды күтүп келем. Суу алсаң ийниңе бакан менен, Чагылып сулуулугуң Айга жеткен. Сүрдөгөн жүрөктү көндүрө албай, Сүйүүмдү айттыра албай айлам кеткен. Кайырма: Таң эрте сайраган булбул менен, Таалайым мен сага ырдап келем, Сүйүүмдү дастан кылып айтып келем. Таң эрте сайраган сүтак менен, Таалайым сен жактан сурап келем, Самаган бакытымды сурап келем. Таң эрте сайраган күкүк менен, Таалайлуу күндөрдү күтүп келем, Самаган бакытымды күтүп келем.