Керемет күн сага кезиккен,
Ак жоолукчан болдуң периштем.
Көшөгөңдөй аппак пейилиңден,
Түгөй болдук эми ээрчишкен.
Кайырма:
Мен үчүн өмүрүң арнадың,
Ойлонбой байландың,
Өзүңдү тандадым, мен.
Сен үчүн кучагым жаямын,
Боломун таянарың,
Сүйөмүн мен сени, жаным.
Үйдүн куту жанган чырагым, сенсиң,
Таарынчагым, бала кыялым менин.
Күтүп алат күлүп, күнү-түн,
Жароокерим жаным, үмүтүм.
Кайырма:
Аялзаты назик, аны сактайлы,
Аманатка берилген жанды,
Аялдан дүйнө тарады…
Сезимиме жалын жагып,
Назданасың кашың кагып.
Махабатты баалай албай,
Эми башка менен кеткениң кандай?
Бирок мен, жигит, ишенгем бир өзүңө,
Бара албаймын сага өтүнө,
Баркын билбес жанга өкүнө.
Билем азыр сүйүүдөн сен жаңылдың,
Сезимимди неге алдадың?
Сени сүйбөс жанды тандадың.
Сен кыялымдыгы элестей,
Оюмдасың эч кетпей.
Жүрөсүңбү мени эстей?
Сен тагылбаган берметтей,
Каалабаган белектей,
Жашайсың сүйүүмдү сезбей.
Ишенем сүйүү барына,
Жазылган багыма.
Күтпөймүн эми сагына,
Таарынбайм ушул тагдырга.
Сен мени алдадың,
Көнө албадым,
Ак сүйүүмө.
Мен кыйналсам да,
Сен азгырсаң да.
Сени эстеп эми кайгырбайм.
Ааламды жараткан, бул жалган деп айткан,
Сыноо бар асманда.
Жүрөктөр тазарсын, жылуу нур каптасын,
Ыйманың бек сактагын.
Кайырма:
Калбасын издеп энесин жаш бала,
Кол сунуп жардам берүүдөн аянба.
Айыкпас дарттан сактасын Алла Таалам
Аярлуу кымбат адамзат сага да, мага.
Кел, досум, тур бачым, ачылсын кучагың,
Элиңе, мекениңе.
Кел бирге куралы, улагаңды тургузалы,
Бир болуп туугандай.