Казахские песни Узбекские песни

Песня «Журогум толкуйт Наарындай»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жайлоонун салкын таныңдай,
Жашоонун мөмө шагындай.
Жүзүңдөн шаттык ойносо,
Жүрөгүм толкуйт Нарындай.

Нарындай гүлдүү жагышын,
Нарындай өчпөс жарыгын.
Саамайын сылап тоо жели,
Сагынтат сүйүү жалыны.

Билесиң, кызыгын, Анарым,
Нарындын кайда агарын.
Сен десем жүрөк жалындап,
Сергиткен күүнү табамын

Другие песни исполнителя:

  • Таң калтырган бийде көздөрүм күйүп турду, Тамшандырган сөз менен мени сүйүп турдуң. Кечир жаным эми менин сүйүүм башкада, Кыялдарга алып учсун мени башкалар. Кайырма: Мен ойлондум мен ушундай чечтим, Билемин сүйөрүң бирок дүйнөм дале алсыз. Мейли эми мен калайын кайрадан жап жалгыз, Мен сүйгүм келет сүйүүгө зар болуп турам. Сенсиз жаным таза сүйүү сепилин курам, Коё бер мен дагы эркин учайын, Коё бер мени сүйүүмдү эрке тутайын. Кечиргин жаным ишенбей калдым өзүңө, Келечегибиз караңгы мени көзүмө. Кайырма: Мен ойлондум мен ушундай чечтим, Билемин сүйөрүң бирок дүйнөм дале алсыз. Мейли эми мен калайын кайрадан жап жалгыз, Мен сүйгүм келет сүйүүгө зар болуп турам. Сенсиз жаным таза сүйүү сепилин курам,
  • Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.