Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата тилеги»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эрмегим элең эркелеп, кызым,
Колумдан кеттиң эртелеп, кызым.
Теңиңе кошуп узатып жатам,
Теңирим бакыт берсе деп, кызым.
Кайырма:
Ай, жыл да өтөр,
Улана, кызым.
Турмуш бул татаал,
Убара, кызым.
Атадай камкор болуп жүргүн деп,
Тапшырдым сени кудама, кызым.
Кайырма:
Бой тумар сындуу,
Көрүнгөн кызым.
Бой жеткен кезде,
Бөлүнгөн кызым.
Бакыттын кушун колуңа кармап,
Бактылуу өткүн өмүрдөн, кызым.
Кайырма:
Тартылган үйгө желегим, кызым,
Таарынып келем дебегин, кызым.
Ак тилегимди ыр менен сунуп,
Арнаган сага белегим, кызым.

Другие песни исполнителя:

  • Төрөгөн жарык дүйнө көрсөткөн ай Төрүндө аалам теңсиз берекем ай Аздектеп алдейлеген баарыбызды Алтындан бешигин бар энекем ай Кайырма: Энем энем энем жалгыз энем Дүйнөнүн эң сулуусу менин энем Бактыбыз үчүн дем күч аябай Жашады энем карыды энем Карыды энем Эс алың жумуш болсо өзүм кылам Көзүмдүн карегиндей сизди сактайм Эмгегим кызматымды сиз көрүңүз Энеке эки дүйнө сүтүң актайм Алмалуу өзүң баккан багыңдаймын Апаке жакшы көргөн бутагыңмын Кубанып жүзүңүздө кулкү турса Кулунуң алма жыттуу караныңмын
  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.
  • Сен төрөлүп, неберем Кемиди го керегем Тосуп чыксаң жүгүрүп, Тоодой толкуп кенейем. Кайырма: Айга-күнгө теңеген, Алмаштыргыс сен элең. Жүгүрөм деп жыгылсаң, Жан бөлүнүп денеден Сен аман бол, неберем. Нурлап жарык күн-түндү, Көп күттүм мен бул күндү. Эч нерсеге кыйбаймын Сенин таза күлкүңдү. Кайырма: Ачып көзүн булактын, Ата жолун уланткын. Чоң энеңди сүйүнтүп, Чоң атаңды кубанткын. Кайырма: Ала-Тоодой бийик бол, Ак мөңгүдөй тунук бол. Айкөл болуп Манастай, Кан Бакайдай улук бол!