Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жанылайым»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаңырган айлуу түндү жамынайын,
Жол тартып мен өзүңө камынайын.
Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам,
Жайдары тосуп алчы Жаңылайым.
Кайырма:
Жаңылайым менин жаным, ай,
Агарып аткан таңым, ай.
Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун,
Болсоң жарым, ай…
Көзүңө карегиңе багынайын,
Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын.
Көзү өтүп кетишпесин башкалардын,
Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.

Другие песни исполнителя:

  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.