Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынам»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көзүңдү ирмеген, махабат из менен,
Күндөрүмдөн, түндөрүмөн, издегем
Жолугуп жаным ай, жоготуп алдым ай
Кайрадан жанбаган жылдыздай
Айтпадын кабарын, мен кайдан табамын
Жалгызым ай, сагындым ай, жамалың
Припев:
Сагынам кайдасың?
Мен билбеген жайдасың
Сагынам кайдасың?
Колум жетпес жайдасын
Жылдыздар жанашып, өзүңсүз таң атып
Ал ансайын алыстадың адашып
Айлуу кеч түнүмдү, бир жүргөн күнүмдү
Ыйык сакта эч унутпа сүйүүмдү
Кези келсе анда, кезигербиз кайра
Менден жашын, сүйүүдөң сен жашынба.

Другие песни исполнителя:

  • Мезгилинде ойго албай, Жөлөгүбүз боло албай. Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай. Эрке кызың эстебей, Өмүр жолдо жетелебей. Бул жалганда атакем ай, Барсың бирок, элесте ай. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз, Күйүп-жанды атакебай. Жылдар өтүп бой жеттим. Мен да бешик терметтим. Биздин бирок тирегибиз, Келбейт күтпөйм, издедим. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Кайырма:
  • Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап. Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап, Кете бердим пароходдо калкылдап. Эми алысмын куса болуп сагынып, Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң. Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги, Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат. Ашыктыгым ого бетер артылат, Сагынганда сүрөтүңө карасам. Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө, Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө. Сары алтын түбү келип сабырдын, Сагынуумдун зардабына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Жанымды түшүнгөн өмүрдө Жан барбы? Жалгыз мен күттүм го агарган таңдарды. Сырымды бөлүшөөр Жан болсо, кайдасың? А балким, издеген Жан биргем айдасың. Өткөндүн элеси эсимде калгандай, Эстесем күн чыгып ал кайра баткандай. Мен дагы жашоодо бактылуу жандардай, Оюмда жашаймын бир жанды тапкандай. Кечирем бардыгын өчүрөм сезимден, Эске албай болгонун кечирем, Мен сага ишенип түшүнөм. Жүрөгүм сыздатып сагынып турса да, Көңүлүм өзүңдөң калса да кечирем. Ал кезди, сагынам кайра сагынбаймын, Мен сага таарынбайм а бирок жалынбаймын . Кечирем, жараткан кечирсе, мен киммин, Дүйнөнүн жалганын эске алып кечирдим
  • Жайлоонун төрү кенен, Өрдөсө өрү кенен. Өзөндү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Шаарымдын өзү кенен, Аралайт сүйүү деген. Көчөнү бойлоп барат, Бир жигит кызы менен. Жарк этсе кокус чагылган, Жигити сылап чачынан, Кызды сүйдү. Дыбыр, дыбыр, Жаады го жамгыр. Шыбыр, шыбыр, Айтылды го сыр, ачылды го сыр, Чачылды го сыр. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат. Бул махабат, жаралды махабат, Бул махабат, бул ыйык махабат.