Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мама»
исполнителя Малика Дина.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кубанып айтып берем сизге өзүм сырымды, Оболоп ырдап берем ырларымды. Жан дүйнөм ашык болуп, Жылдыздай жарык болуп, Жүрөктөн ыр сунам сизге. Кайырма: Кубанычым сен, байлыгым да сен, Сырым дагы, сыймыгым да, ырым өзү сен. Кубанычым сен, байлыгым да сен, Сырым дагы, сыймыгым да, ырым өзү сен. Ыры бар, байлыгы жок инсан экен дебегин, Жан дүйнөм ырга толо бай деп билемин. Бийикке канат бергин, элиме кубат бергин, Арналган ырларымда… Кайырма: Жан дүйнөм жарык, Алыс учкан жылдыздай.
  • Көлдүн жээги, бирге басып салкындап, Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап. Жумшак шамал бетти аймалап сыласа, Майда толкун жээкке урунуп шарпылдап. Кошкун дедиң көпкө чейин кол булгап, Кете бердим пароходдо калкылдап. Эми алысмын куса болуп сагынып, Бирок дагы бирге жүрөт тамашаң. Түбөлүктүү, өмүрүмдүн шериги, Сени сүйүп, жалгыз сени жаратат. Ашыктыгым ого бетер артылат, Сагынганда сүрөтүңө карасам. Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө, Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө. Сары алтын түбү келип сабырдын, Сагынуумдун зардабына жеңилбе. Аз күн калды жолугушчу убакыт, Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
  • Мезгилинде ойго албай, Жөлөгүбүз боло албай. Мен периште кезимдеги элесиң бар, атакебай. Эрке кызың эстебей, Өмүр жолдо жетелебей. Бул жалганда атакем ай, Барсың бирок, элесте ай. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз, Күйүп-жанды атакебай. Жылдар өтүп бой жеттим. Мен да бешик терметтим. Биздин бирок тирегибиз, Келбейт күтпөйм, издедим. Кайырма: Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Атакем менин, дүйнөдө сенин, Бар үчүн демиң, жакшы көрөм. Бар үмүтүбүз, билсең өзүңсүз Күйүп-жанды атакебай. Кайырма:
  • Сезимдердин мейкин талаасында, Сан жетпеген жылдыз арасында. Канат күүлөп учам, кучагыма кысам кыялымда. Эрке желдей сызам, эргип бийик булуттарга. Кайырма: Көздөрүмө кумар, Көңүлүмө тумар, издеп келемин, Билбей себебин. Ыйык сезимдин гүлүн теремин, Сени келер деп, күтө беремин, Айтчы себебин. Сени ойлоп турам жалгыз кечте, «Сүйөм» деген сөзүң дайым эсте. Тагдыр бизди кошсо, Бакыт кол созом келечекке, Баалай турган кезим, Бал татыган таттуу сезимимди берсе.