Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аруу кызым»
исполнителя Съезбек Искеналиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Той күтүнүп ак жоолукчан,
Бой жеткен белең билинбей.
Келгин куштай колдон учкан,
Кезинде кантем күйүнбөй.
Таалайыңа талпынасың,
Башынан дүйнө ушундай.
Мөлт этсе да тамчы жашым,
Бакыт жок ушул учурдай.
Кайырма:
Аруу кызым, ананайын,
Жар болгунуң жакшыга.
Балапансың мага дайым,
Айлансаң да ак кууга.
Сага берем ак батамды,
Бактылуу бол, нур кызым.
Кубандырып эне-атаңды,
Тунук болсун турмушуң.
Жарың менен дүйнө жаркын,
Башыңа алтын куш конуп.
Эркелегиң үйдө калсын,
Жаңы үйгө баргын кут болуп.
Атала көр, жакшы келин,
Ак жоолук түшпөй башыңан.
Билгизип да ак тилегим,
Биринчи бийге чакырам.

Другие песни исполнителя:

  • Ак тойлор, тойлор уланып Жүрөктөр толо кубанып Ыймандуу болсун жаштар деп Ата-эне турат кубанып Той толо келди кудалар Толкундап жаш жубайлар Кудайым берип батасын Кубантсын эне атасын Кайырма: Кубанычтан ырдайт кудалар Бактылуу болсун жубайлар Ак батасын эненин Ак жолтой кылсын келинин Тостторго тосттор уланып Достору келди кубанып Кыргызымдын алып батасын Кубантсын эне атасын Зал толо колдор чабылып Бакалдар колдо кагылып Ак-тилек арзуу айтылып Ыр-күүсү жандуу жаңырып Бак болсун уул келинге Бактылуу кыргыз жеринде Батасы кыргыз тилинин Бактылуу кылсын келинин Апалар чачып чачыла Алгалай басат шашыла Ак жоолук салып башына Келинин өбүп ашыга
  • Апа деген асыл экен, Ага теңдеш таппадым. Айткандары акыл экен, Билип, таанып актагын. Чарк айланып дүйнөдө, Мен айлансам да, таппаймын. Эч бир жанга теңебесмин, Апакебай, ардагым, ардагым. Эч бир жанга теңебесмин өзүңүздү, Апакебай, ардагым, ардагым. Кайырма: Апа деген теңдеши жок зат тура, Акылманым, ыйык, кымбат, жаным апа. Дүйнөнү кезип бүтүн издесем да, Өзүңүздөй таппаймын, жаным апа. Турмуш жолун, Көрсөттүңүз уул-кыздарга, апаке. Убай тартып, түйшүк артып, Ар бирөөсүн өзүнчө. Мээрим чачып, Эркелеткен эмгегиңиз өзгөчө, Ак сүтүңдү актай алсам, Акылманым, апаке, апаке. Ак сүтүңдү актай алсам, ардагым, Акылманым, апаке, апаке…