Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арман»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Түшүндүрүп кантип айтам,айтылгыс арман.
Түшүнбөйсүң билем аны, сен үчүн жалган.
Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын,
Чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган.
Кайырма:
Чечилбес арман, чечилгис арман,
Адамзаты көтөрө алгыс, көтөргүс арман.
Сен өмүр жалган, сен сүйүү жалган,
Адамзаты чыдай алгыс, чыдагыс арман.
Кайырма:
Ишенбесең бул сүйүүмө Ысык-Көл күбө,
Ишенчи сен ак сүйүүмө Ала-Тоо күбө.
Сүйөмүн деп айтып жүргөн бала кыялдуу,
Чын сүйүүнү билбей жүргөн менде го күнөө.
Кайырма:
Түшүндүрүп кантип айтам, айтылгыс арман,
Түшүнбөйсүң билем аны сен үчүн жалган.
Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын,
Чындап сүйүп калдым кызды, сага бир тууган.

Другие песни исполнителя:

  • Куттуу болсун баш кошушкан тоюңар, Ачык болсун жашоодогу жолуңар. Силер үчүн достор айткан тилекти, Чын көңүлдөн кабыл алып коюңар. Кайырма: Бар бол дайым, бактылуу бол, Турмуш деген – узун жол. Түбөлүккө бирге болсун, Кармашышкан эки кол. Өмүр бою бирге болсун, Тилегибиз бир ошол. Жакындардын көтөрүңкү маанайы, Бул да болсо эки жаштын таалайы. Ак сакалдар ак батасын беришип, Эки жашка узак өмүр каалайлы. Кайырма: Үлгү болгон үй-бүлөдөн болгула, Оюн-күлкү, мээрим чачкан той мына. Жаман көздөн, суук сөздөн силерди, Асырасын Жаратканым койнуна.
  • Бир ок менен эки коён аткым келди, Бир убакта эки кызга жаккым келди. Бирисинен бириси өткөн сулуу, Бери кел деп көзүн кысып, кылат белги. Эркесине энтигип эрте барамын, Экинчиден эптеп чыгам, шылтоо табамын. Билип калды биринчим, баары түгөндү, Эки тоонун уларын эрте самдым. Кайырма: Коёнектер көзү тегерек, Кетпегиле көрбөй тебелеп. Экөөңдү бирдей жактырган, Өзүмдү жүрөм жемелеп. Жүрөгүм бош, көңүл да бош, кыя албадым, Экөөсүнө үлгүрүп мен гүлүм арнадым. Башка кызга барат ал деп сырымды ачып, Айтып салдың, эх,досум, көрө албадың.