Казахские песни Узбекские песни

Песня «Коёнектер»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир ок менен эки коён аткым келди,
Бир убакта эки кызга жаккым келди.
Бирисинен бириси өткөн сулуу,
Бери кел деп көзүн кысып, кылат белги.
Эркесине энтигип эрте барамын,
Экинчиден эптеп чыгам, шылтоо табамын.
Билип калды биринчим, баары түгөндү,
Эки тоонун уларын эрте самдым.
Кайырма:
Коёнектер көзү тегерек,
Кетпегиле көрбөй тебелеп.
Экөөңдү бирдей жактырган,
Өзүмдү жүрөм жемелеп.
Жүрөгүм бош, көңүл да бош, кыя албадым,
Экөөсүнө үлгүрүп мен гүлүм арнадым.
Башка кызга барат ал деп сырымды ачып,
Айтып салдың, эх,досум, көрө албадың.

Другие песни исполнителя:

  • Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм, Күр-шар эткен океандай дүбүртүң. Толкунуңдан ала сала жиреймин, Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн. Ойлонуп келе жатамын, жатамын, Кең дүйнө тарыйт, капамын. Бирок да кыйбай өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Адам деген күйүп-бышып сыналат, Аздан көпкө өмүр сүрө куралат. Жарык дүйнө канча катаал болсо да, Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат. Өмүрдүн суусун татамын, татамын, Өткөрүп жыргал-азабын. Бирок да сүйүп өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун, Адам жашайт кар, муз каптап конушун. Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң? Ак тилек арбын жасармын, жасармын, Ажалдан кайда качамын? Өмүрдүн терип гүлдөрүн, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым…
  • Аяз ата жолуң тосуп барайын, Колундагы белек кабың алайын. Бугуларга, аттарыңа чөп салып, Кызыңдын да көңүл отун табайын. Кайырма: Аяз ата, кимге болоор кайната, Куда болом деп канчалар күйбөгөн. Кар болсо да жүрөгүндө оту бар, Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн. Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң? Келбеген го ысык күндө тердегиң. Кабарлашып туралы деп сурансам, Дарегиңди, номериңди бербедиң. Кайырма: Жаңы жылда жылына бир көрүшүп, Кое бербей калса дагы кол үшүп. Жыл айланып келгичекти жаңы жыл, Айла канча кала берем кол үзүп.
  • Менин түндөгү жанган чырагым, Сени мен суу болуп күтүп турамын. Жамгырдын тамчысындай сүйүүм күчөйт, Ыйык тумарым. Карааның таппам, кайда жүрөсүң? Кансырап, кайгыда капа жүрөгүм. Кармадың кайыр-кошкун деп, Колун сен бирөөнүн. Кайырма: Колуңду түбөлүк кармабадым, Карындашым, сезимимди алдабагын. Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым, Сенсиң менин ынагым. Колуңду түбөлүк кармабадым, Карындашым, сезимимди алдабагын. Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым, Сенсиң менин ынагым. Кучактап, эркелетип жүргөн күндө, Жок болду, баары кетти, унутулду. Сен болдуң башкага жар, Укпай менин сунушумду. Кайырма: Жылдыздардай нур тамып күлгөнүңдөн, Зарыгып, сагынычта күтүп жүргөм. Таштаба жолго, жаным, суранаарым, Сени сүйөм