Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жашагым келет»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм,
Күр-шар эткен океандай дүбүртүң.
Толкунуңдан ала сала жиреймин,
Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн.
Ойлонуп келе жатамын, жатамын,
Кең дүйнө тарыйт, капамын.
Бирок да кыйбай өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Адам деген күйүп-бышып сыналат,
Аздан көпкө өмүр сүрө куралат.
Жарык дүйнө канча катаал болсо да,
Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат.
Өмүрдүн суусун татамын, татамын,
Өткөрүп жыргал-азабын.
Бирок да сүйүп өмүрдү,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым.
Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун,
Адам жашайт кар, муз каптап конушун.
Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп
Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң?
Ак тилек арбын жасармын, жасармын,
Ажалдан кайда качамын?
Өмүрдүн терип гүлдөрүн,
Жашагым келет, жашагым,
Жашагым келет, жашагым…

Другие песни исполнителя:

  • Эстейм апа, сенин кара көзүңдү, Эстейм апа, ар бир айткан сөзүңдү. Ойлой берем, ойлой берем, Күндө эстеп, апа өзүңдү. Ак булуттун бубак баскан чачтары, Элестетем эчен ашуу ашканың. Күткөндүрсүң, мени ойлоп, Дасторконго жайып ак наның. Үйгө барчу күндү эстеп, камынып, Күтүп ар бир минутаны сагынып, Канат байлап, учкум келет, Куса болуп, көзүң сагынып.
  • Аяз ата жолуң тосуп барайын, Колундагы белек кабың алайын. Бугуларга, аттарыңа чөп салып, Кызыңдын да көңүл отун табайын. Кайырма: Аяз ата, кимге болоор кайната, Куда болом деп канчалар күйбөгөн. Кар болсо да жүрөгүндө оту бар, Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн. Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң? Келбеген го ысык күндө тердегиң. Кабарлашып туралы деп сурансам, Дарегиңди, номериңди бербедиң. Кайырма: Жаңы жылда жылына бир көрүшүп, Кое бербей калса дагы кол үшүп. Жыл айланып келгичекти жаңы жыл, Айла канча кала берем кол үзүп.
  • Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн, Бир атадан, бир энеден төрөлдүк. Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне, Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн. Кайырма: Аска зоо бир тууганым, Сенсиң багым, Бек болсун дайым өмүр жаның, Бек болсун дайым өмүр жаның. Бир тууганым — дарагымдын тамыры, Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы. Кайда барба, кандай өмүр кечирбе, Силер менен жүрөгүмдүн жарымы. Кайырма: Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан, Башкада жок мээримиңе жылынам. Силерге деп сактап койгон түгөнгүс, Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.