Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аяз кыз»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аяз ата жолуң тосуп барайын,
Колундагы белек кабың алайын.
Бугуларга, аттарыңа чөп салып,
Кызыңдын да көңүл отун табайын.
Кайырма:
Аяз ата, кимге болоор кайната,
Куда болом деп канчалар күйбөгөн.
Кар болсо да жүрөгүндө оту бар,
Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн.
Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң?
Келбеген го ысык күндө тердегиң.
Кабарлашып туралы деп сурансам,
Дарегиңди, номериңди бербедиң.
Кайырма:
Жаңы жылда жылына бир көрүшүп,
Кое бербей калса дагы кол үшүп.
Жыл айланып келгичекти жаңы жыл,
Айла канча кала берем кол үзүп.

Другие песни исполнителя:

  • Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм, Күр-шар эткен океандай дүбүртүң. Толкунуңдан ала сала жиреймин, Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн. Ойлонуп келе жатамын, жатамын, Кең дүйнө тарыйт, капамын. Бирок да кыйбай өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Адам деген күйүп-бышып сыналат, Аздан көпкө өмүр сүрө куралат. Жарык дүйнө канча катаал болсо да, Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат. Өмүрдүн суусун татамын, татамын, Өткөрүп жыргал-азабын. Бирок да сүйүп өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун, Адам жашайт кар, муз каптап конушун. Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң? Ак тилек арбын жасармын, жасармын, Ажалдан кайда качамын? Өмүрдүн терип гүлдөрүн, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым…
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Күлүк аттай таптадым качпагын, Изиң менден жашырып катпагын. 25 жаш сен үйүмдүн коногу, Кенен отур, саат карап шашпагын. Кайырма: 25, 25 сүйүү багы бышкан кез, Сезим гүлдөп сересине чыккан кез. Ысык кез, оттой кез, темир ийчү чоктой кез, Тагдыр ташың өйдө кулап турган кез, турган кез. Убактың тар билем аны мен дагы, Убайланып сездиң аны сен дагы. Ар мүнөттү тек өткөрбөй жан курбум, Сырдашалы, ырдашалы кел дагы. Кайырма: 25 жаш алыстадың, узадың, Жылтыраткан булагыңа суусадым. Жылдыздарды жүрсөң керек аралап, А мен калдым арасында кусанын.