Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыйман ыры»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жымыңдап жүрөгүмдү жаралайсың, Сүйүүмдү сунуш кылсам карабайсың. Асманда калкып учкан ак куу болуп, Жалындуу жаш жүрөккө уя салдың. Кусалуу жан дүйнөмдү сабаладың, Карачы жок дегенде дос катары. Өзүңдөй мен да адамдын баласымын, Күнөөлө колдон келсе табиятты. Көрбөсөм бир өзүңдү тура албадым, Көргөндө кызыл гүлүн суна албадым. Ардагым, арманымсың жетпей келген, Суранам жардам берчи, Жаратканым.
  • Түшүндүрүп кантип айтам,айтылгыс арман. Түшүнбөйсүң билем аны, сен үчүн жалган. Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын, Чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган. Кайырма: Чечилбес арман, чечилгис арман, Адамзаты көтөрө алгыс, көтөргүс арман. Сен өмүр жалган, сен сүйүү жалган, Адамзаты чыдай алгыс, чыдагыс арман. Кайырма: Ишенбесең бул сүйүүмө Ысык-Көл күбө, Ишенчи сен ак сүйүүмө Ала-Тоо күбө. Сүйөмүн деп айтып жүргөн бала кыялдуу, Чын сүйүүнү билбей жүргөн менде го күнөө. Кайырма: Түшүндүрүп кантип айтам, айтылгыс арман, Түшүнбөйсүң билем аны сен үчүн жалган. Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын, Чындап сүйүп калдым кызды, сага бир тууган.
  • Арзуумдан айрылдым, адаштым жолдон, Ак куумду уурдаттым, байкабай колдон. Ала качты, артынан жете албай калдым, Гүлүм түштү колуман сага деп койгон. Кең ааламда кысылып, батпай жатамын, Бактыбыздан айрыган салтка капамын. Эли-журтка уят го, эми бара албайм, Кечир деген өзүңдөн бүктөм кат алдым. Кайырма: Кантип айтчы антыбыз кана биздин? Кантип айтчы, турмушуң тартты тизгин? Бөпөлөп биз өстүрчү бөбөктөрдү, Бактына жаратасың эми кимдин? Бүлө куруп, бактылуу жашайбыз деген, Эч кимде жок ийгилик жасайбыз деген. Коштошо албай кол сунуп “кош”дегим келбей, Ойдон кетпей өткөн күн сагына берем. Намыс үчүн бакытты жолго таштадым, Жарымы жок, жалгыздык жашоо башталып. Жаным элең болдуңбу башканын жаны? Жоодур көзүң жүрөктө калат сакталып.