Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кантип айтчы»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Арзуумдан айрылдым, адаштым жолдон,
Ак куумду уурдаттым, байкабай колдон.
Ала качты, артынан жете албай калдым,
Гүлүм түштү колуман сага деп койгон.
Кең ааламда кысылып, батпай жатамын,
Бактыбыздан айрыган салтка капамын.
Эли-журтка уят го, эми бара албайм,
Кечир деген өзүңдөн бүктөм кат алдым.
Кайырма:
Кантип айтчы антыбыз кана биздин?
Кантип айтчы, турмушуң тартты тизгин?
Бөпөлөп биз өстүрчү бөбөктөрдү,
Бактына жаратасың эми кимдин?
Бүлө куруп, бактылуу жашайбыз деген,
Эч кимде жок ийгилик жасайбыз деген.
Коштошо албай кол сунуп “кош”дегим келбей,
Ойдон кетпей өткөн күн сагына берем.
Намыс үчүн бакытты жолго таштадым,
Жарымы жок, жалгыздык жашоо башталып.
Жаным элең болдуңбу башканын жаны?
Жоодур көзүң жүрөктө калат сакталып.

Другие песни исполнителя:

  • Эстейм апа, сенин кара көзүңдү, Эстейм апа, ар бир айткан сөзүңдү. Ойлой берем, ойлой берем, Күндө эстеп, апа өзүңдү. Ак булуттун бубак баскан чачтары, Элестетем эчен ашуу ашканың. Күткөндүрсүң, мени ойлоп, Дасторконго жайып ак наның. Үйгө барчу күндү эстеп, камынып, Күтүп ар бир минутаны сагынып, Канат байлап, учкум келет, Куса болуп, көзүң сагынып.
  • Аяз ата жолуң тосуп барайын, Колундагы белек кабың алайын. Бугуларга, аттарыңа чөп салып, Кызыңдын да көңүл отун табайын. Кайырма: Аяз ата, кимге болоор кайната, Куда болом деп канчалар күйбөгөн. Кар болсо да жүрөгүндө оту бар, Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн. Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң? Келбеген го ысык күндө тердегиң. Кабарлашып туралы деп сурансам, Дарегиңди, номериңди бербедиң. Кайырма: Жаңы жылда жылына бир көрүшүп, Кое бербей калса дагы кол үшүп. Жыл айланып келгичекти жаңы жыл, Айла канча кала берем кол үзүп.
  • Эртеден кечке жумуштан келбей, Эл үчүн иштеп тамак да ичпей. Калкымдын иши жылса деп алга, Талыкпай ойлоп издедиң айла. Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек, Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт. Унутуп үйдү берилип ишке, Кайтасың үйгө дайыма кечте. Атаке, сага амандык тилеп, Жолуңду жолдоп балдарың келет. Залкар ой-асыл насаатын айткан, Карааның бизге күч-кубат берет. Сый-урмат көрүп, узакка жаша, Журтуңдан ызат көрүңүз эми. Эмгегиң даңктап, кылганың айтып, Ардактап жүрсүн айылдын эли. Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли, Кыргыздын эли…
  • Куттуу болсун баш кошушкан тоюңар, Ачык болсун жашоодогу жолуңар. Силер үчүн достор айткан тилекти, Чын көңүлдөн кабыл алып коюңар. Кайырма: Бар бол дайым, бактылуу бол, Турмуш деген – узун жол. Түбөлүккө бирге болсун, Кармашышкан эки кол. Өмүр бою бирге болсун, Тилегибиз бир ошол. Жакындардын көтөрүңкү маанайы, Бул да болсо эки жаштын таалайы. Ак сакалдар ак батасын беришип, Эки жашка узак өмүр каалайлы. Кайырма: Үлгү болгон үй-бүлөдөн болгула, Оюн-күлкү, мээрим чачкан той мына. Жаман көздөн, суук сөздөн силерди, Асырасын Жаратканым койнуна.