Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эстейм апа»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эстейм апа, сенин кара көзүңдү,
Эстейм апа, ар бир айткан сөзүңдү.
Ойлой берем, ойлой берем,
Күндө эстеп, апа өзүңдү.
Ак булуттун бубак баскан чачтары,
Элестетем эчен ашуу ашканың.
Күткөндүрсүң, мени ойлоп,
Дасторконго жайып ак наның.
Үйгө барчу күндү эстеп, камынып,
Күтүп ар бир минутаны сагынып,
Канат байлап, учкум келет,
Куса болуп, көзүң сагынып.

Другие песни исполнителя:

  • Жашоо, жашоо, сенде тилек-үмүтүм, Күр-шар эткен океандай дүбүртүң. Толкунуңдан ала сала жиреймин, Алсамбы деп мезгил, өмүр үлүшүн. Ойлонуп келе жатамын, жатамын, Кең дүйнө тарыйт, капамын. Бирок да кыйбай өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Адам деген күйүп-бышып сыналат, Аздан көпкө өмүр сүрө куралат. Жарык дүйнө канча катаал болсо да, Жашоо нугу, жашоо бүтпөй уланат. Өмүрдүн суусун татамын, татамын, Өткөрүп жыргал-азабын. Бирок да сүйүп өмүрдү, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым. Өмүр жылат. Жолу кыска, жолу узун, Адам жашайт кар, муз каптап конушун. Жер титиреп, зоо куланат сен жүрүп Бирок, жашоо неге мынча сонунсуң? Ак тилек арбын жасармын, жасармын, Ажалдан кайда качамын? Өмүрдүн терип гүлдөрүн, Жашагым келет, жашагым, Жашагым келет, жашагым…
  • Куттуу болсун баш кошушкан тоюңар, Ачык болсун жашоодогу жолуңар. Силер үчүн достор айткан тилекти, Чын көңүлдөн кабыл алып коюңар. Кайырма: Бар бол дайым, бактылуу бол, Турмуш деген – узун жол. Түбөлүккө бирге болсун, Кармашышкан эки кол. Өмүр бою бирге болсун, Тилегибиз бир ошол. Жакындардын көтөрүңкү маанайы, Бул да болсо эки жаштын таалайы. Ак сакалдар ак батасын беришип, Эки жашка узак өмүр каалайлы. Кайырма: Үлгү болгон үй-бүлөдөн болгула, Оюн-күлкү, мээрим чачкан той мына. Жаман көздөн, суук сөздөн силерди, Асырасын Жаратканым койнуна.
  • Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн, Бир атадан, бир энеден төрөлдүк. Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне, Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн. Кайырма: Аска зоо бир тууганым, Сенсиң багым, Бек болсун дайым өмүр жаның, Бек болсун дайым өмүр жаның. Бир тууганым — дарагымдын тамыры, Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы. Кайда барба, кандай өмүр кечирбе, Силер менен жүрөгүмдүн жарымы. Кайырма: Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан, Башкада жок мээримиңе жылынам. Силерге деп сактап койгон түгөнгүс, Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.
  • Менин түндөгү жанган чырагым, Сени мен суу болуп күтүп турамын. Жамгырдын тамчысындай сүйүүм күчөйт, Ыйык тумарым. Карааның таппам, кайда жүрөсүң? Кансырап, кайгыда капа жүрөгүм. Кармадың кайыр-кошкун деп, Колун сен бирөөнүн. Кайырма: Колуңду түбөлүк кармабадым, Карындашым, сезимимди алдабагын. Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым, Сенсиң менин ынагым. Колуңду түбөлүк кармабадым, Карындашым, сезимимди алдабагын. Сүйөмүн, бактылуу болгун, чырагым, Сенсиң менин ынагым. Кучактап, эркелетип жүргөн күндө, Жок болду, баары кетти, унутулду. Сен болдуң башкага жар, Укпай менин сунушумду. Кайырма: Жылдыздардай нур тамып күлгөнүңдөн, Зарыгып, сагынычта күтүп жүргөм. Таштаба жолго, жаным, суранаарым, Сени сүйөм