Казахские песни Узбекские песни

Песня «25 жаш»
исполнителя Чынгыз Мырзаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Күлүк аттай таптадым качпагын,
Изиң менден жашырып катпагын.
25 жаш сен үйүмдүн коногу,
Кенен отур, саат карап шашпагын.
Кайырма:
25, 25 сүйүү багы бышкан кез,
Сезим гүлдөп сересине чыккан кез.
Ысык кез, оттой кез, темир ийчү чоктой кез,
Тагдыр ташың өйдө кулап турган кез, турган кез.
Убактың тар билем аны мен дагы,
Убайланып сездиң аны сен дагы.
Ар мүнөттү тек өткөрбөй жан курбум,
Сырдашалы, ырдашалы кел дагы.
Кайырма:
25 жаш алыстадың, узадың,
Жылтыраткан булагыңа суусадым.
Жылдыздарды жүрсөң керек аралап,
А мен калдым арасында кусанын.

Другие песни исполнителя:

  • Бир тууганым, шам чырагы бүлөмдүн, Бир атадан, бир энеден төрөлдүк. Ак сүтүңдү бизге берген ата-эне, Тизе бүгүп, таманыңдан өбөрмүн. Кайырма: Аска зоо бир тууганым, Сенсиң багым, Бек болсун дайым өмүр жаның, Бек болсун дайым өмүр жаның. Бир тууганым — дарагымдын тамыры, Түндүгүмдөн күндөй агып жарыгы. Кайда барба, кандай өмүр кечирбе, Силер менен жүрөгүмдүн жарымы. Кайырма: Бакыт сепкен байлык өңдүү нуруңдан, Башкада жок мээримиңе жылынам. Силерге деп сактап койгон түгөнгүс, Сүйүүм бар жүрөгүмдө уюган.
  • Аяз ата жолуң тосуп барайын, Колундагы белек кабың алайын. Бугуларга, аттарыңа чөп салып, Кызыңдын да көңүл отун табайын. Кайырма: Аяз ата, кимге болоор кайната, Куда болом деп канчалар күйбөгөн. Кар болсо да жүрөгүндө оту бар, Аяз кызды жигит жоктур сүйбөгөн. Жайда күттүм сен эмнеге келбедиң? Келбеген го ысык күндө тердегиң. Кабарлашып туралы деп сурансам, Дарегиңди, номериңди бербедиң. Кайырма: Жаңы жылда жылына бир көрүшүп, Кое бербей калса дагы кол үшүп. Жыл айланып келгичекти жаңы жыл, Айла канча кала берем кол үзүп.