Казахские песни Узбекские песни

Песня «Актриса»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир канча жолу көрсөм дагы,
Негедир кумарым канбады.
Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага,
Аткарып селки башкы ролду.
Атайын терспи ал же оңбу?
Ансайын ойго салчу болду,
Сыр болуп мага.
Кайырма:
Бир көрүүдөн сени сүйгөм,
Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го.
Кыял козгоп, кыяк боздоп,
Термелемин сезимдерде жаңырып танго.
Айласыз күнгө кабылган кез,
Сагынтып назик, сүйкүм элес.
Келер деп аны жолдон эмес,
Күтөм экрандан.
Кинодон сүйүп жүрүп эле,
Акырын унутарсың дебе.
Мен үчүн өмүрүмдө деле,
Ал башкы каарман.

Другие песни исполнителя:

  • Жаркырайсың жазда ачкан кыпкызыл гүлүм, Жактырып мен жалындап күйдүм. Бал тилиңе байландым, байландым өзүм, Бакыраң көз ашык болуп, албырып сүйдүм. Кайырма: Ашыкмын, ашык болдум каралдым, Ашыкмын, айдай сулуу кабагың. Сагындым, сарсанаага кабылдым, Сагындым, сан ойлорго багындым. Жалындайсың жан дүйнөмдү азапка салып, Акылымды башкарып алып. Капилеттен айландым го аргасыз болуп, Карааныңа көпөлөктөй канатым кагып. Кайырма:
  • Ассалому алейкум, кыргыз жерим, аманбы? Таазим кылып алдыңарга, калкым, айтам саламды. Улуу тоодой бийик сен, улуулугуң билип мен, Аталардын ак сөзү азык болуп жүрөк жибиткен. Аруулукту тандаган эл, мага кымбат эсени, Асман тиреп алгалай бер, асыл турак мекеним. Ак калпакчан атадан акыл кени жаралган, Ак элечек ападан ааламга эл таралган. Тээ байыртан көчүп-конуп Ала-Тоого келгенбиз, Канчалаган кыйын күндү, кеменгербиз, жеңгенбиз. Асыл элим — тунук жан, ырын ырдап, куруп шаң, Четтен келген элдерге достук колун дайым сунушкан. Улутумдун амандыгын эңсеп согот жүрөгүм, Алакандай Кыргызстандын өркүндөшүн тилеймин. Жаштар бирге жалын күндө келечекке жол салып, Эл-жерине жанып күндө, жарык болуу — чоң бакыт.
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенден, жаштык, ай, сенден, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Биз экөөбүз бирде жолугуп, кээде таппай адашып, Кесилишип кайкып каректер, бирде тиктеп карашып, Билмексенбиз балким деп ойлойм, экөөбүз тен жашынып, Бирде жалган айтып, бирде сөздөн качып, Жүрөбүз дейм адашып. Кайырма: Көңүл сезим калды сага байланып, Асманымда ак булуттай айланып, Сени сүйүп жүрүү кандай керемет, Күндүзү күн, а түндөсү ай жарык. Капилеттен дейбиз, а бирок, болот турмуш ар кандай, Табышаарбыз балким таппайбыз, болот тагдыр жазгандай, Бир болорбуз балким акыры, эриш-аркак жарашып, Аруу тилек айтып, ак сүйүүдөн кайтып, Түбөлүккө жанашып.