Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ашыкмын»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаркырайсың жазда ачкан кыпкызыл гүлүм,
Жактырып мен жалындап күйдүм.
Бал тилиңе байландым, байландым өзүм,
Бакыраң көз ашык болуп, албырып сүйдүм.
Кайырма:
Ашыкмын, ашык болдум каралдым,
Ашыкмын, айдай сулуу кабагың.
Сагындым, сарсанаага кабылдым,
Сагындым, сан ойлорго багындым.
Жалындайсың жан дүйнөмдү азапка салып,
Акылымды башкарып алып.
Капилеттен айландым го аргасыз болуп,
Карааныңа көпөлөктөй канатым кагып.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бир канча жолу көрсөм дагы, Негедир кумарым канбады. Бийкечтин катышуусундагы кинотасмага, Аткарып селки башкы ролду. Атайын терспи ал же оңбу? Ансайын ойго салчу болду, Сыр болуп мага. Кайырма: Бир көрүүдөн сени сүйгөм, Өмүрүмдө махабаттын таңы аткан го. Кыял козгоп, кыяк боздоп, Термелемин сезимдерде жаңырып танго. Айласыз күнгө кабылган кез, Сагынтып назик, сүйкүм элес. Келер деп аны жолдон эмес, Күтөм экрандан. Кинодон сүйүп жүрүп эле, Акырын унутарсың дебе. Мен үчүн өмүрүмдө деле, Ал башкы каарман.
  • Ээлеген эрке жел чырайын, Энчилеп алууну сурайын. Көп күндү уйкусуз өткөрдүм, Болсо деп келечек жубайым. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам, Ал түштү ойдо сактагам. Кайырма: Жанымдай сезилесиң сен мага, Теңи жүрөктүн өзүң тек гана. Жаңылбай убакыттар өтсө да, Болсунчу биздин жолдор бир гана. Махабат кемеси сүйүүнүн, Бир болуу — түбөлүк үмүтүм. Ааламдын ажарын атайын, Арнагым келет бир сен үчүн. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам Ал түштү ойдо сактагам.
  • Жар-жар айтып жаңы бакытым, Кадам таштап турмуш жолуна. Салам айтып ийип башыңды, Түгөйү болуп түштүң жолуна. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Салам айтам эми каралдым, Карындашым менин секелек. Унутпаймын куурчак ойногон, Эркетайым эстен кете элек. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Жар-жар айтып, бүгүн жашыдым, Сүйүнүчтөн ысык жаш агып. Жар-жар айтып эми ата-энеӊ, Турмуш жолду салды, гүл тагып. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарыӊ бирге болсун, Таалай бакыт кушу консун. Жүрөгүӊдө ыйман болсун, Өмүрүӊө Кудай жүзүн бурган болсун.