Казахские песни Узбекские песни

Песня «Биздин жолдор»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ээлеген эрке жел чырайын,
Энчилеп алууну сурайын.
Көп күндү уйкусуз өткөрдүм,
Болсо деп келечек жубайым.
Издеп бактымды жолуңду карагам,
Арылбай муңдуу санаадан.
Түшүмдө билсең колуңду кармагам,
Ал түштү ойдо сактагам.
Кайырма:
Жанымдай сезилесиң сен мага,
Теңи жүрөктүн өзүң тек гана.
Жаңылбай убакыттар өтсө да,
Болсунчу биздин жолдор бир гана.
Махабат кемеси сүйүүнүн,
Бир болуу түбөлүк үмүтүм.
Ааламдын ажарын атайын,
Арнагым келет бир сен үчүн.
Издеп бактымды жолуңду карагам,
Арылбай муңдуу санаадан.
Түшүмдө билсең колуңду кармагам
Ал түштү ойдо сактагам.

Другие песни исполнителя:

  • Ашык болдум кара көзгө мен Сулуулугу айга күнгө тең Сурай албай турдум жанында Аты жөнүң ким болду экен Жылмайганы жүрөктү эзди Күтөр болдум сен келчү кезди Кайсыл жерде болду дарегиң Сезим арнар мына кез келди Кайырма: Ала- Букадансыңбы Аксыдансыңбы Базар- Коргон тараптан Сузактансыңбы Же ордолуу Оштонбу Алайдансыңбы Айтчы мага дарегин айтчы Жалал-Абадтан бекесиң Токтогулданбы Же Нарындык Жумгалдык Кочкорунанбы Ай тору сени таппасам жүрөгүм канат Айтчы мага дарегин айтчы Жылт деп жаңган жылдыздай болуп Көөдөнүмө сезимдер толуп Издеп кайдан табам өзүңдү Же каламбы ак сүйүүм соолуп Көзгө сүйкүм элес тартылып Койбо мени азап тарттырып Үмүтүң чоң сени көрүүгө Кайың болдум сезим калтырап Кайырма: Талас тараптансыңбы Чаткалдансыңбы Же Ат- Башы Казарман Кызарттансыңбы Ысык — Көлбү Жети -Өгүз Балыкчыданбы Айтчы мага кабарын айтчы Кызыл -Кыя Баткенден Кадамжайданбы Чүй Сокулук Канттанбы Же Кара -Сууданбы Ай тору сени таппасам жүрөк муун канат Айтчы мага дарегин айтчы
  • Өкүнүчтөн өзүмдөн-өзүм кыйналдым, Өзөгүмдөн өртүмдү билбей кыйнадың. Жалган сенин, жасалма айткан ал сөздөрүң, Арман кылдым, адаштым, бирок мен сынбадым. Кайырма: Аттиң, арман, мага салган, Маңдайыма жазган го жалган. Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан. Чыйрыгамын, махабатымдан айрылып, Чыдай албай жүрөмүн өксүп, кайгырып. Түшүнбөдүм, ким менен кеттиң, сен кай жакка? Өткөн өмүр өкүнөм келбейт го кайрылып. Кайырма: Аттиң, арман, мага салган, Маңдайыма жазган го жалган. Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан. Жаңылдым го, бирок түшүнбөйм, Сенсиз, бирок өкүнбөйм. Аттиң, арман, жазган го жалган, Экөөбүздүн жолдор башка бул биз адашкан.
  • Сымбаты назик, мүнөзү жайдары, Суктанат көктөн, кызганып ай дагы. Ак көйнөк кийип ааламды ажарландырат, Анткени бүгүн ал кыздын майрамы. КАЙЫРМА: Келинчек татына, Келишкен аты затына. Келбети көздү уялтат, Керемет, жакшына! Перизат татына, Пейили шайкеш затына. Көктөгү күндөй жана бер, Көз тийбей бактыңа. Ырыска толгон кареги чырактай, Ыйманы тунук, тоодогу булактай. Жылмайса жүзү жаздагы таңдай жаркырайт, Жараткан берген, чырайын суратпай.