Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кусалык»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Cөз учугуна жетпей катып калгандай,
Өз учурунда келген бакыт бааланбай.
Күн өткөн сайын күч алып, күйүткө салып кусалык,
Жоготуп сүйүүмдү издеп турам түбөлүк.
Кайырма:
Бакыт кушу келгенин, байкабадым неге мен
Арзыбаган пенденин асыл жары сен белең
Кечиккен соң издеп айласын,
Кечип келем, түйшүк дайрасын,
Сен, айтчы деги, айтчы жаным кайдасың?
Миң тегеренип чыксам деле дүйнөнү,
Мен, билип келем өзүм гана күнөөлүү,
Жүрөгүмө баарын катып, жүрөсүңбү ойго батып,
Баарынан түңүлүп суусуз калган гүл өңдүү.

Другие песни исполнителя:

  • Куттукташып, кубанышып, Сагынычтын черин жазып. Гүл кучактап, күлүп-жайнап, Амандашып кучак жайып. Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда, Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай. Кайырма: Бүгүн жар-жар үлпөт той, Бүгүн элиң күткөн той. Бүгүн ырдап, күлүп кой, Бүтпөсө экен ушул той. Аксакалдар бата берет, Жараткандан тынчтык сурап. Ак жоолукчан чоң энелер, Ак тилегин тилеп турат. Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат, Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.
  • Жаркырайсың жазда ачкан кыпкызыл гүлүм, Жактырып мен жалындап күйдүм. Бал тилиңе байландым, байландым өзүм, Бакыраң көз ашык болуп, албырып сүйдүм. Кайырма: Ашыкмын, ашык болдум каралдым, Ашыкмын, айдай сулуу кабагың. Сагындым, сарсанаага кабылдым, Сагындым, сан ойлорго багындым. Жалындайсың жан дүйнөмдү азапка салып, Акылымды башкарып алып. Капилеттен айландым го аргасыз болуп, Карааныңа көпөлөктөй канатым кагып. Кайырма:
  • Алдады мени ак сүйүүм, Алмашты менин сүйгөнүм. Тахмина сулуу бузбаган, Тазасы барбы сүйүүнүн? Кайырма: Тазасы барбы? Жалганы барбы? Жазганым барбы? Кайгысын эстеп ал күндүн, Чече албай сыздайм түйүнүн. Бегимай сулуу сактаган, Бекеми барбы сүйүүнүн? Кайырма: Бекеми барбы? Жалганы барбы? Булактай элең сен мурда, Булгандың эми сузарда. Жеңил ой бийлеп өзүңдү, Жеңилдиң беле кумарга? Кайырма: Жеңилдиң беле? Кейисең деле, Кечирбейм деле