Казахские песни Узбекские песни

Песня «Улпот той»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Куттукташып, кубанышып,
Сагынычтын черин жазып.
Гүл кучактап, күлүп-жайнап,
Амандашып кучак жайып.
Бийле, ырдап, бизди жандап, бүгүн майрамда,
Аттиң кылбай, бийле тынбай, армандарда калбай.
Кайырма:
Бүгүн жар-жар үлпөт той,
Бүгүн элиң күткөн той.
Бүгүн ырдап, күлүп кой,
Бүтпөсө экен ушул той.
Аксакалдар бата берет,
Жараткандан тынчтык сурап.
Ак жоолукчан чоң энелер,
Ак тилегин тилеп турат.
Эркелешсе неберелер жүрөк кубанат,
Оттой жанып улан-кыздар оюн-күлкү курат.

Другие песни исполнителя:

  • Ойноп, жыргап күлө албай, Өмүр баркын биле албай. Өтүп жатат өмүрүм, Тагдыр, сага тил албай. Оору болуп, кор болуп, Кайран өмүр шор болуп. Кайран дос, Өмүрдүн баркын биле албай. Аа, кургур тагдыр, тил албай. Жер энеден жаралып, Кайра жерге барабыз. Ажал келсе бир күнү, Акыр өлүп каларбыз. Жараткан, оо, Жараткан, Адамзатын тараткан. Кайран дос, Өмүрдүн баркын биле албай. Аа, кургур тагдыр, тил албай. Колдон келсе сыйлашып, Жүргөн жакшы ырдашып. Кереги эмне өмүргө, Бир келген соң чырдашып. Жараткан, оо, Жараткан, Адамзатын тараткан. Кайран дос, Жардамга, достор, келе көр, Кудайым, шыпаа бере көр. Айтчы, биз эмне табабыз? Акыры кетип каларбыз.
  • Ассалому алейкум, кыргыз жерим, аманбы? Таазим кылып алдыңарга, калкым, айтам саламды. Улуу тоодой бийик сен, улуулугуң билип мен, Аталардын ак сөзү азык болуп жүрөк жибиткен. Аруулукту тандаган эл, мага кымбат эсени, Асман тиреп алгалай бер, асыл турак мекеним. Ак калпакчан атадан акыл кени жаралган, Ак элечек ападан ааламга эл таралган. Тээ байыртан көчүп-конуп Ала-Тоого келгенбиз, Канчалаган кыйын күндү, кеменгербиз, жеңгенбиз. Асыл элим — тунук жан, ырын ырдап, куруп шаң, Четтен келген элдерге достук колун дайым сунушкан. Улутумдун амандыгын эңсеп согот жүрөгүм, Алакандай Кыргызстандын өркүндөшүн тилеймин. Жаштар бирге жалын күндө келечекке жол салып, Эл-жерине жанып күндө, жарык болуу — чоң бакыт.
  • Жар-жар айтып жаңы бакытым, Кадам таштап турмуш жолуна. Салам айтып ийип башыңды, Түгөйү болуп түштүң жолуна. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Салам айтам эми каралдым, Карындашым менин секелек. Унутпаймын куурчак ойногон, Эркетайым эстен кете элек. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Жар-жар айтып, бүгүн жашыдым, Сүйүнүчтөн ысык жаш агып. Жар-жар айтып эми ата-энеӊ, Турмуш жолду салды, гүл тагып. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарыӊ бирге болсун, Таалай бакыт кушу консун. Жүрөгүӊдө ыйман болсун, Өмүрүӊө Кудай жүзүн бурган болсун.