Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досума каалайм ден соолук»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ойноп, жыргап күлө албай,
Өмүр баркын биле албай.
Өтүп жатат өмүрүм,
Тагдыр, сага тил албай.
Оору болуп, кор болуп,
Кайран өмүр шор болуп.
Кайран дос,
Өмүрдүн баркын биле албай.
Аа, кургур тагдыр, тил албай.
Жер энеден жаралып,
Кайра жерге барабыз.
Ажал келсе бир күнү,
Акыр өлүп каларбыз.
Жараткан, оо, Жараткан,
Адамзатын тараткан.
Кайран дос,
Өмүрдүн баркын биле албай.
Аа, кургур тагдыр, тил албай.
Колдон келсе сыйлашып,
Жүргөн жакшы ырдашып.
Кереги эмне өмүргө,
Бир келген соң чырдашып.
Жараткан, оо, Жараткан,
Адамзатын тараткан.
Кайран дос,
Жардамга, достор, келе көр,
Кудайым, шыпаа бере көр.
Айтчы, биз эмне табабыз?
Акыры кетип каларбыз.

Другие песни исполнителя:

  • Досту таптым сыйды билип, ийилген, Душман таптым дос терисин кийинген. Айырмасын аңдап билип алардын, Аста кадам жасап калдым кийин мен. Достун досу сыноолордо билинген. Жакшылыкта жандап баары көп жүрдү, Жасалмасы далай көңүл чөктүрдү. Кээ бирлери кыйын күндө табалып, Кемчилигим чукуй берип, өстүрдү. Достор менен көрдүм түркүн мезгилди. Чыйыр жолу болор менин бактымдын, Чын достордун ак жүрөгүн жактырдым. Ичи көңдөй, пейили тар, жасалма, Жаман досту жаратканга тапшырдым, Жасалмасын жаратканга тапшырдым. Кас досторду көңүлүмдөн жат кылдым.
  • Жигиттербиз шок, жүрөгүндө от, Ар түркүн кыялга баткан, Сезимде кир жок, көңүлдөрү ток, Кайгысыз көчөдө баскан. Кайырма: Оппа, оппа жигиттер, Жаштыктын жүрөгү. Оп, эй жигиттер, Намыстын тиреги. Оппа, оппа жигиттер, Сүйүүгө мас болгон, Оп, эй жигиттер, Калгыла жаш бойдон. Жалындуу жүрөк, жүз кызды сүйөт. Жакшы кыз табышты Кудайдан тилеп. Кара көз сынап, чыкпаса кыйнап, Калабыз көчөдө түнөп. Сүрөттөрү көп, бирк бирдик жок, Телефон көтөрөт темеле кымбат. Көз айнек тагат, колунда бар саат, Акча жок чөнтөктө сурасаң чындап. Жашообуз кызык, тилектер тунук, Максаты аскадай бийик. Жолдон кайтпаган, жок деп айтпаган, Биз азыр берешен жигит. Кайырма: Мактанууга зар, машинеси бар, Сурасаң баары бир атасыныкы ал. Колунда бүт бар, ишетеген иши бар, Дагы да, атасыныкы да ал. Силерде өзү эмне бар, а? Жигиттерде күч бар, таттуу көргөн түш бар, Көңүлдүү ыргак, акчадан кымбат. Улууга урмат, кичүүгө ызат, Жаштык, сүйүү, намыс, Жакшы нерсе бүт бар.