Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досторго»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Досту таптым сыйды билип, ийилген,
Душман таптым дос терисин кийинген.
Айырмасын аңдап билип алардын,
Аста кадам жасап калдым кийин мен.
Достун досу сыноолордо билинген.
Жакшылыкта жандап баары көп жүрдү,
Жасалмасы далай көңүл чөктүрдү.
Кээ бирлери кыйын күндө табалып,
Кемчилигим чукуй берип, өстүрдү.
Достор менен көрдүм түркүн мезгилди.
Чыйыр жолу болор менин бактымдын,
Чын достордун ак жүрөгүн жактырдым.
Ичи көңдөй, пейили тар, жасалма,
Жаман досту жаратканга тапшырдым,
Жасалмасын жаратканга тапшырдым.
Кас досторду көңүлүмдөн жат кылдым.

Другие песни исполнителя:

  • Маңдайыма сени жазган, Ушул тагдыр буюрган. Күлсөң күлкүң алтын-күмүш, Ак жүзүңдөн куюлган. Каректериң сыйкыр беле? Кетпейт оюмдан. Алмаштырбай бирге өттүм ушул жолумдан, Түбөлүккө ажырашпай, кармайм колуңдан. Кайырма: Жалгызымсың менин ар дайым, Жарым болуп мага кал дайым. Жан дүйнөмдө жанып жашайсың, Жыргалымсың ар дайым. Жалгызсырап сенден калбайын, Жамалыңдан сүйүп танбаймын. Жылдызымсың күйүп асманда, Жазда сүйүүм бар дайым. Түбөлүккө сен деп жашайм, Турмуш жолун улантам. Көңүлүңдү көтөрөмүн, Күлсөң, күлүп кубантам. Жаратканым, айырбагын, Сенден суранам! Өкүнбөймүн, өзгөрүлбөйм – ушул убадам, Өзүң менен өтсө өмүр, чексиз кубанам.
  • Кыйналсам ойлогон, жыгылсам колдогон, Жүрөгү мага тамырлаш… Чарчасам дем берген, билгенин тең бөлгөн, Сендей дос такыр табылбас! Кайырма: Эң жакын досум, эң асыл досум, Кеңеш айтып, кубат берген жанга. Эң жакын досум, эң асыл досум, Колум узун жанымда сен барда. Достуктан чеп куруп, намыска бек туруп, Чогулуп далай кырды аштың… Бүткөнчө өмүрлөр, калбасын көңүлдөр, Мен үчүн дайым кымбатсың