Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карындашым»
исполнителя Октом Сапар уулу.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Мекенден алыс жүрөт адамдар, Бакытын издеп келди кадамдар. Тоо кушун кенен батыра алган, Тоолордон алыс сырдуу калаа бар. Кайырма: Бишкек-Москва, учуп барам мен сага, Күтүп ал, тосуп ал, мекениме кайтканча. Москва, Москва, койну кенен садага, Тарых бир, тагдыр бир, өлкөбүзгө сен ага. Сүйүүлөр калды кусалык бүтүп, Жаш балдар жүрөт апасын күтүп. Алыста алар жыргап жүргөн жок, Кумурска күндүз, түнкүсүн үкүк. Кайырма: Аталар коркуп уулун узаткан, Секелек барат мектеп курактан. Ыйлаба апа, кайра келемин, Суу ичким келет тунук булактан.
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенден, жаштык, ай, сенден, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Жар-жар айтып жаңы бакытым, Кадам таштап турмуш жолуна. Салам айтып ийип башыңды, Түгөйү болуп түштүң жолуна. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Салам айтам эми каралдым, Карындашым менин секелек. Унутпаймын куурчак ойногон, Эркетайым эстен кете элек. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарың бирге болсун, Таалай, бакыт кушу консун. Жүрөгүңдө ыйман болсун, Өмүрүңө Кудай жүзүн бурган болсун. Гүлдөй назик кылдан болсун, Аппак жүзүң нурдан болсун. Жар-жар айтып, бүгүн жашыдым, Сүйүнүчтөн ысык жаш агып. Жар-жар айтып эми ата-энеӊ, Турмуш жолду салды, гүл тагып. Кайырма: Түбөлүккө тапкан жарыӊ бирге болсун, Таалай бакыт кушу консун. Жүрөгүӊдө ыйман болсун, Өмүрүӊө Кудай жүзүн бурган болсун.
  • Ээлеген эрке жел чырайын, Энчилеп алууну сурайын. Көп күндү уйкусуз өткөрдүм, Болсо деп келечек жубайым. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам, Ал түштү ойдо сактагам. Кайырма: Жанымдай сезилесиң сен мага, Теңи жүрөктүн өзүң тек гана. Жаңылбай убакыттар өтсө да, Болсунчу биздин жолдор бир гана. Махабат кемеси сүйүүнүн, Бир болуу — түбөлүк үмүтүм. Ааламдын ажарын атайын, Арнагым келет бир сен үчүн. Издеп бактымды жолуңду карагам, Арылбай муңдуу санаадан. Түшүмдө билсең колуңду кармагам Ал түштү ойдо сактагам.